Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги 7 айдын ичинде социалдык жөлөк пулдарга 4 млрд. 366 млн. сом төлөдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.
2 015,5 млн. сом ай сайын социалдык жөлөк пулдарды алуучуларга, 1982,6 млн. сом «үй-бүлөгө көмөк» алуучуларга жана «балага сүйүнчү» бир жолу берилүүчү төлөмгө 368,0 млн. сом республикалык бюджеттен жумшалган.
Жалпысынан республика боюнча «үй-бүлөгө көмөк» жөлөк пулдун орточо өлчөмү 855,8 сомду түздү. Ал эми социалдык жөлөк пулдун орточо өлчөмү 3007,9 сомду түздү. Министрликтин маалыматына ылайык, 1-августуна чейин мамлекеттик жөлөк пулдарды алуучулардын саны 495,5 миң адам болсо, 16 жашка чейинки балдары бар жакыр үй-бүлөлөр – «Үй-бүлөгө көмөк» желөк пулдарды алуучулардын саны 311,2 миң адамды түздү.
Ошондой эле пенсияга укугу жок социалдык жөлөк пулдарды алуучулар 92,7 миң жаран жана 91,6 миң жаран «балага сүйүнчү» төлөмдү алышкан.
Булак: “Де-Факто”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ