Menu

Алты жылды карыткан Апрель соту

Бөлүшүү:

Апрель окуясы болгонуна кече алты жыл толду. Ошол кан төгүлгөн каргашалуу окуяга коомдо ар кыл көз караштар бар. Ал көз караштар канчалык ар түрдүү болбосун эртеби-кечпи тарых ага өз баасын берип баары ачыкка чыгып, тарыхый баасын алат. Бирок 77 киши атылган октон каза таап, 300 киши ар кандай жаракат алган ошол окуяга байланышкан сот али күнгө чейин аягына чыкпай келет. Акыркы маалыматтар боюнча апрель окуясына катышып, жаракат алган дагы 36 киши каза болгон. Жабырлануучулар күнөөлүүлөрдү таап жазалагыла десе эң негизги күнөөлүү деп шектелгендер өлкөдөн чыгып кетишкен. Алардын баары сыртынан соттолушту. Ал эми күнөөсү бар деп саналгандар камакка алынып, ар кандай мөөнөт менен эркинен ажыратылды.

Апрель соту ар дайым 7-апрелге жакын жанданып калат да, башка убакта дайны көп чыкпайт. Соттун аягына чыкпай создугуп келе жатканынын башкы себебин көпчүлүк серепчилер ошол кездеги өлкө тагдырын өз колуна алган убактылуу өкмөт бардык ишти токтото туруп, күнөөлүүлөрдү жазага тартуу ишин баштабаганы менен түшүндүрүшөт. Суроонун артынан суроо жараткан көптөгөн жагдайлар бар. Биринчиден, эч ким мойнуна алгысы келбейт. Каза болгондорду мен аттым деп бир да киши айта элек же тергөө ишин жүргүзгөндөр темирдей фактылар менен мойнуна койгон жок. Соттук экспертиза 7-апрелде Ак үйдү кайтарган атайын даярдыктагы куралдуу жоокерлердин куралынан эч ким каза болгон эмес деген бүтүм чыгарган. Ок башка тараптан чыкты деп ырастагандар бар. Кыскасы, соттук жараян абдан чиеленишип, мыйзамдуу өкүм чыгарууга тоскоол жараткан жагдайлардын көп экени менен создугуп кеткен. Азырынча УКМКнын мурдагы башчысы Мурат Суталинов 20, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Темирбаев 22, Ошол кездеги Башкы прокурор Нурлан Турсункулов менен президенттин кеңешчиси Элмурза Сатыбалдиев он жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Курманбек Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев менен Оксана Малеванаяга сыртынан 10 жыл берилген. Мурат Суталинов ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылып, мурдагы Коргоо министри Бакыт Калыевге кылмыш иши кыскарган. Эң негизги күнөөлүү деп айыпталган Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев, Данияр Үсөновдор сыртынан өмүр бою эркинен ажыратылышкан. Бирок муну менен каза болгондордун жакындарынын биринин да көксөөсү сууган жок. Апрель окуясы боюнча ар кандай коомдор түзүлүп, алар өз ара мунасага келишпей, ошол окуядан да пайда тапкандар чыгып, соодалашууга жеткени да коомчулукка белгилүү болгон. Бакиевдерди суракка алмайынча бул сот өз нугуна түшүп, жандырмагы чечиле турганын баары билип турса деле, айыптуу деп шектелгендерди соттоо алты жылдан бери уланып келет.

Бакиевдерди Кыргызстанга алып келүү боюнча ушул кезге чейин кат жөнөткөндөн башка аракет болгон жок. Анысы аз келгенсип соттолгон жеринен чак түштө Кыргызстандан чыгып кетти. Ал эми жабырлануучулардын пикиринде азыркы бийликтегилер аларды алып келүүнү көп деле каалай бербейт. Ошого жараша Бакиевдер унчукпай калбастан биз эч кимди аткан эмеспиз деп ар кыл маалымат каражаттарынан чыгып жатышат.

Сотто чиеленишкен жагдайлар өтө көп. Мисалы, 7-апрель күнү кечки саат тогузда Роза Отунбаева, Темир Сариев баштаган оппозиция өкүлдөрү болгону 12 бала каза болгонун айтышса, Данияр Үсөнов 19 бала каза болгонун ырастаган. Ал эми тез жардам кызматынын өкүлү Гүлнара Ташыбекова кечки саат алтыда 17 бала каза тапканын айткан. Ал эми эртең менен эле 87 бала мерт кеткени бүткүл дүйнөгө тараган. Мына ушундай дал келбөөчүлүк, эки анжы кырдаалдар көп болгон соң Бакиевдерди алып келүүгө дарман жок болуп сырттан соттогондон кийин, жок дегенде алардын пикирин сырттан болсо да угуп коюшса болмок. Себеби алардын сөзүнөн кийин бул жердеги соттолуп жаткан кишилер боюнча көп нерселер ачыкка чыкмак. Бул азыр интернет өнүккөн мезгилде көп деле кыйынчылыкты жаратпайт эле. Баарынан жаманы жабырлануучулардын демин басаңдатуу үчүн күнөөсүз кишини сот жообуна тартып, аны садага чабуу.

Кадыр БОСТОН

Булак: “Жаңы Агым”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: