Menu

Канат Исаев: “Депутаттардын “Ала-Арча” резиденциясында кабыл алган чечимдери легитимсиз”

Бөлүшүү:

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канат Исаев жергиликтүү басылмага берген маегинде “Ала-Арча” мамлекеттик резиденциясында кворум болбогонун жана ал жерде кабыл алынган чечимдер легитимсиз болгонун айтты.

“Бул тууралуу тажрыйбалуу юристтер да айтып жатышат, мен аны эки чакырылыштын депутаты катары айтам – кворум болгон жок. Эгерде кворум болгондо, эки жарым саат күттүрүүнүн кажети жок болчу. Кворум болушу үчүн 61 депутат ошол жерде болушу керек. Алардын айтымында 51 депутат жана дагы он ишеним кат бар болчу” – дейт Канат Исаев.

Анын айтымында, бул Садыр Жапаровдун премьер-министрлик кызматына шек туудурат.

“Мен жана биздин фракциядан дагы ондон ашык депутат катышкан жокпуз. Биз дагы эч кандай ишеним кат берген жокпуз. Бул биздин принципиалдуу позициябыз. Жыйынга катышкан Урмат Самаев биздин партиядан чыгып кетти, ал азыр “Мекеним Кыргызстанда” жүрөт. Ошондуктан, биз ал үчүн жооп бере албайбыз” – деди ал.

“Кыргызстан” партиясынын позициясы – кечээ күнү аянтта болгон тирешүүгө катышкандардын бийликке келүүгө моралдык укугу жок. Эгер анын ордуна Бабанов болгондо мен ага да каршы болмокмун” – дейт Исаев.

Исаевдин айтымында, бардык тараптарга ылайык келе турган дагы бир фигура керек болчу. Ал премьер-министр болууну каалаган адам митингде тартипти сактап, атып, күч колдонбостон иш алып барышы керек эле деп эсептейт: “Бийликке күч менен барган адам андан кийин да ушундай кадамдарга барат”.

Исаев ошондой эле Жапаровдун министрлер кабинетине биринчи дайындашын сынга алды.

Ал Улан Ниязбековду Ички иштер министрлигинин башчысы кылып (ант бербестен жана мыйзамда көрсөтүлгөндөй, президент бекитпестен) дайындаганын, анын алгачкы кадамдары мыйзамдуулукка шек туудура турганын кошумчалады.

“Президентке импичмент жарыялоо үчүн, кээ бир чоң каталарды, кылмыштардын же мамлекеттин кызыкчылыгын сатуунун аттарын атап чыгыш керек. Мындай фактыларга далил жок болгондуктан, бул маселени көтөрүү орунсуз деп эсептейм. Эгерде анын жоопкерчилиги бар болсо, анда документалдык түрдө чогултуп, Жогорку Кеңештин комиссиясына жөнөтүү керек. Күч структуралары муну тастыктагандан кийин, ал жөнүндө сүйлөшсөк болот. Импичмент деп жөн эле кыйкыруунун мааниси жок” – дейт Исаев.

“Мен президенттин кетишине каршымын. Бизде Жогорку Кеңештин төрагасы жок болгондуктан, дайындалган премьер-министр президент кеткенден кийин президенттин милдетин аткаруучу болот. Премьер-министрди шайлоо ансыз деле күмөн, эгер ал президенттин ордун ээлесе, анда ал жакшылыкка алып келбейт. Эгер кийинчерээк жыйынды мыйзамсыз деп табылса, анда эмне болот?” – деп кошумчалады Исаев.

Ал президент өлкө мыйзамдуу талаага киргенде кызматтан кетүүгө даяр экендигин кошумчалады.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 39 + = 40

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: