Menu

Фото – “Тамагыңыз таттуу болсун, Өмүрбек Токтогулович!”

Бөлүшүү:

“Фейсбук” колдонуучу Аскат Тейит социалдык тармактарга Кыргызстандын мурдагы премьер-министри Өмүрбек Бабановдун Москвадагы кафелердин биринде тамактанып жаткандагы фотосүрөтүн жарыялады. “Тамагыңыз таттуу болсун, Өмүрбек Токтогулович! – в Москве” деген сөз коштоп жазылгандыгына карап, бул фотосүрөт Россиянын борбору Москва шаарында тартылган деп болжоого болот. Бирок, сүрөт кайсы ресторан, кафе, же жөн эле ашканада, кайсы убакта тартылганы белгисиз.

2017-жылкы президенттик шайлоого Кыргыз Республикасынын президенттигине талапкер катары катышкан кыргыз олигархы, парламенттеги “Республика – Ата-Журт” партиясынын фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов шайлоонун жыйынтыгы чыгары менен Кыргызстандан качып кеткен. Анын качышына шайлоо кампаниясында улуттар аралык ынтымакты козутуп, жаңжалга шыкактаган экстремисттик билдирүүлөрүнүн негизинде кылмыш ишинин козголушу себеп болгон. Албетте, анын баары ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин көрсөтмөсү менен ишке ашкан.

Качкандан көп өтпөй эле өзүнүн мындан ары саясатка алашпай тургандыгын билдирип, Кыргызстанга алыстан “салам кат” жолдогон Ө.Бабановдун кайда жашап, эмне менен алек болуп жаткандыгы белгисиз болчу. Кийинчерээк  Өмүрбек Бабанов РФнын борбору Москва шаарында жашайт дегендей маалыматтар айтыла баштаган. Андан сырткары, учурдагы бийликке ачык оппозицияга өткөн экс-президент Алмазбек Атамбаев өткөндө Москвага барганда Бабанов менен жолугуп, саясий тандем түзүү тууралуу сүйлөшүп келди деген да божомолдор айтылууда. Экс-президенттин мурдагы пикирин өзгөртүп, акыркы кезде берген маектеринде Бабановду мактап-жактай баштагандыгы божомолду чындыкка жакындатып тургансыйт.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 53 − 50 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: