Сузак районунун Курманбек айыл аймагында 2018-жылдын 29-апрель күнү Сары-Булак айылындагы Көк-Арт дарыясынын сол жээгинен көлөмү болжол менен 1,5 млн. м3 жер көчкүсү сүрүлүп, анын ичинен 48 000м3 жер көчкү Көк-Арт дарыясынын суусун бөгөп калган. Топтолгон суу, жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агып жаткан. Бирок 2018-жылдын 2-май күнү саат 20:15 чамасында жер көчкү активдешип сүрүлүп түшүп кайрадан суунун нугун бөгөп калган.
Учурда топтолгон суу (болжол менен 1 млн. 267 миң м3), жер көчкүнү жиреп акырындык менен өз нугу боюнча агууда (суунун агып кирүүсү 30 м3/с, чыгуусу 12 м3/с).
Жеринде КР ӨКМнин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын ыкчам тобу жана ЖК комиссиясы аныктоо иш-чараларын жүргүзүүдө. Мындан сырткары КР ӨКМнин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын ыкчам тобу абалды көзөмөлдөп турууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ