Menu

Видео – “Манас” аэропортунун президенти Бакыт Сыдыковдун “крышасы” УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевби?

Бөлүшүү:

“Манас” аэропортуна Үсөн Сыдыковдун баласы Бакыт Сыдыков президент болуп отуруп алган. Азыр иликтеп чыксак, ага каршы чыккандарды “жумуштан кетирип, каматам” деп коркутат экен. “Менин крышам УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев” деп айтып жатат” – деди мурдагы президенттикке талапкер Чынгыз Капаров.

“Камчыбек Кыдыршаевич, бул эмне кылганыңыз? Биз булар келсин деп чуркаган эмеспиз. Кечээ Жээнбековго, Атамбаевге кошомат кылгандар бүгүн келип кайра бийликке келип жатат. Бакыт Сыдыков аэропортту 2008-жылы эле, Бакиевдин убагында менчиктештирип алган” – деди ал.

“Жээнбековдун убагында Молдомуса Конгантиевдин баласы Афтандил Конгантиев аэропорттун бажы жагын жетектеген. Мына азыр да отурат. Ал кызматка кантип барып калды? 2017-жылы Жээнбеков президент болгондо аны Молдомуса Конгантиев колдоп жүргөн. Кийин Сооронбай Жээнбеков анын баласын аэропортко кызматка койгон” – деп кошумчалады ал.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 38 − = 28

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: