Menu

Алты жаштагы баланы зордуктагандар боюнча сот өкүмү чыкты

Бөлүшүү:

Алты жаштагы баланы зордуктаган деп айыпталган үч адамдын иши боюнча сот өкүмү чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Ысык-Көл облустук сотунун басма сөз катчысы Гүлзада Аширбаева билдирди.

Жети-Өгүз райондук сотунун чечими боюнча, кылмыш жасаган адамдын бири 9 жылга эркинен ажыратылып, жазасын күчөтүлгөн тартиптеги түзөтүү абагында өтөй турган болду. Экөө сегиз жылга абакка кесилди. Алар жазасын өспүрүмдөрдүн колониясында өтөйт.

Моралдык зыян катары жабырлануучунун мыйзамдуу өкүлүнүн пайдасына соттолуучулардын бирөөнөн 100 миң сом, экөөнөн 50 миң сомдон өндүрүү милдеттендирилди.

Жети-Өгүз районунда алты жаштагы баланы зордуктоого шектүү делип үч адам кармалган. Тергөөнүн маалыматына ылайык, өткөн жылдын апрель айында алардын бири кошунасынын алты жаштагы баласын алдап, чоң энеси менен жашаган үйгө алып барып зордуктаган. Ошондон кийин кылмышка дагы экөө аралашып, баланы бир нече жолу зордуктап келишкен. Зордук көргөн бала ата-энесине даттангандан кийин гана кылмыш ачыкка чыккан.

Милиция көп өтпөй кылмышка шектүү деп 16-17 жаштагы жергиликтүү үч тургунду кармаган. Үчөө тең кылмышты мойнуна алган.

Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 64 = 73

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: