Menu

«Бириккен фронт» эске түштү. Генерал Суваналиев неге унчукпайт?

Бөлүшүү:

Президент Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаевдин ортосунда жарака кеткени коп саясый оюндун башын ачыктап койду. Ооматы кеткен Атамбаевден оч алууну көздөгөн бир катар белгилүү коомдук ишмерлер октолушуп, төө бастыга алышканы да жашыруун эмес. Кызыгы, ошол калың катмардан генерал Суваналиев айырмаланып, «эки достун» тирешинен алып туруп, бир тарабын колдоп чыгууга ашыкпады. Тек гана калыс маанайда көз салып турат. Баса, убагында «Комиссар Катганиге» карата Атамбаев поктоо сөздөрүн агытканда, ал ошол мезгилдерде жообун берген, керек болсо бир канча жыл оппозиция катары да ачуу сындарды айтып, бийлик менен тайманбай күрөшүп келген. Эми болсо Өмүрбек мырза оңго да, солго да чайпалбай, коомдук кырдаалдын күрөө тамырын кармап, келечекке карай абай салып турат. Валким, күзгө дейре каарманыбыз эл тарабына ыктаган саясатты тутунуп, таасирдүү демилгелерди баштап чыгышы да ыктымал. Азырьшча козачыктык кылбай туралы. А баса, 2007-жылкы «Бириккен фронт» митингинде раматылык Мелис Эшимканов менен генерал Суваналиев кыймылдын негизги моторуна айланышып, Феликс Куловдун саясатгагы жылдызын жандырганын унуттуңарбы? Агезде Курманбек Бакиевдин бийлиги кадимкидей солкулдап, аз жерден кубаланып кетеринде кандай «соодалашуулар» болду эле?.. Акыйкат үчүн айтыш керек, Темир Сариев ошондо аягына чейин жигитче турган. Суваналиев болсо УКМКга камалган, коп отпой акталып, эл үчүн кызмат кылган болчу. Кыскасы, учурда дагы саясый консультациялар баштаганы күзгө карай бир балээнин  башын каңкуулабайбы?..

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 35 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: