Menu

Монголия парламентине Демократиялык партиядан этникалык кыргыз депутат болуп шайланды

Бөлүшүү:

Кечээ, 24-июнда Монголияда сегизинчи парламенттик шайлоо өттү. Монголия парламентиндеги же Улуу Мамлекеттик Хуралдагы 76 орун үчүн 15 партиядан, 60 коалициядан жана көз карандысыз талапкерлерден 606 талапкер ат салышты. Мамлекеттик каттоо органы 3,3 миллион адамдын ичинен 2,1 миллион шайлоочуну каттады. Бул тууралу CentralAsia (MNG) басылмасы билдирди.

Шайлоонун жыйынтыгы боюнча башкаруучу “Монгол Элдик” партиясы абсолюттук жеңишке жетишти. Бирок айрым провинциялардагы оппозициялык “Демократия” партиясы бир нече мандатка ээ болду.

Айта кетсек, Баян-Өлгий аймагында МНПнын (Монгол элдик партиясы) өкүлдөрү 2-орунга ээ болушту. Демократиялык партиянын талапкери, Монголиянын эмгек сиңирген доктору, этникалык кыргыз Булана Бейсен райондогу үч мандаттын бирине ээ болду.

Молхы уруусунан чыккан Хавдисламын Баделхан жана Телуханы Аубакир Монгол элдик партиясынан шайланышты.

Демократиялык партиянын өкүлү Б. Бейсен Шеруши Курман уруусунан чыккан. Ал хирург жана Өлгий шаарындагы  оорукананын башкы дарыгери (Баян-Өлгий аймактын административдик борбору).

2015-жылы wordpress.com менен болгон маегинде ал Монголияда 3000ге жакын этникалык кыргыздар жашаарын айткан.

“Монголияда 100 миңден ашуун казак жашайт. Алар менен бирге 2000-3000 кыргыз (же 400 үй-бүлө) жашайт. Паспорт боюнча биз казакпыз. 1999-2000-жылдары Монголиянын өкмөтүнө кайрылып, паспорттогу “улут” деген жерге бизди “кыргыз” деп жазууну суроого аракет кылганбыз. Бирок, муну ишке ашырууга мүмкүн болгон жок. Кыргыз тили эзелтен эле унутулуп, бири-бирибиз менен казак тилинде сүйлөшөбүз. Бирок баары ата-тегин жакшы билишет. Биздин аймак Баян-Өлгий деп аталат. Биз көбүнчө Улаанхус, Сагсай, Бугат жана Ногоннуур райондорунда жашайбыз. Быйыл менин бир тууганым Жоламан Булан монгол кыргыздары жөнүндө китеп чыгарды ”, – деди билдирген Бейсен.

Баян-Өлгий аймагы – Монголиянын 21 аймагынын бири. Аны негизинен казактар ​​(90,4%), урянхайлар (5,19%), тувандар (1,42%), калганын Дербет жана Халха-Монголдар түзөт.

Кыргызчалаган: Kyrgyztoday.kg

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 5 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: