Кечээ, 12-март күнү Кочкор-Ата шаарында “Кыргызнефтегаз” ААКнын акционерлеринин жылдык жалпы чогулушу өттү.
Чогулушка Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун төрагасы Жылдызбек Исакулов, Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурболот Мирзахмедовдор катышты.
Тургунбаев Мелисбек Жусупжанович “Кыргызнефтегаз” ААК директорлор кеңешинин төрагасы болуп үчүнчү мөөнөткө шайланды.
Мелисбек Тургунбаевдин уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү, маанилүү стратегиялык маселелерде өз убагында чечим кабыл алуусу эске алынып, акционерлер тарабынан жогорку баа берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ