“2017-жылдын 3-август күнү саат 23:45 чамасында Курманжан-Датка көчөсүндө жайгашкан бир той салондон өрт чыгып, өрттүн кесепетинен той салон жана 2 турак үй толугу менен күйгөн. Жабыркагандар жок”, – деп маалымдайт ӨКМдин басма сөз кызматы.
Учурда өрттүн чыгуу себеби жана келтирилген чыгымы такталууда.
КР ӨКМнин Ош шаардык №12 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, КР ӨКМнин №13 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 2 бөлүм, КР ӨКМнин №85 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылды.
2017-жылдын 4-август күнү саат 00:15де өрт чектөөгө алынып, саат 01:50дө өрт толугу менен өчүрүлгөн.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ