Menu

Назарбаев киберкоркунучтарга каршы аскер бөлүгү түзүлгөнүн билдирди

Бөлүшүү:

Жаңы чакырыктардан, анын ичинде аскердик жана геосаясий коркунучтардан коргонуу үчүн Казакстанда киберчабуулдарга каршы күрөшө турган атайын аскер бөлүгү түзүлдү. Бул тууралуу өлкө президенти Нурсултан Назарбаев 7-май — Ата Мекенди коргоо күнүнө карата өткөн аскердик парад маалында билдирди.

«Коопсуздуктун жаңы коркунучтары менен чакырыктарына каршы натыйжалуу аракет көрүү максатында атайын операциялардын жогорку мобилдүү күчтөрү түзүлдү. Бул бөлүк киберчабуулдарга каршы аракеттерди көрөт. Ал өлкөнүн коргонуу системасына киргизилди», – деди Назарбаев.

Аскердик парад Жамбыл облусундагы «Отар» аскер базасында өттү. Ага 3 миң жоокер катышып, 40ка жакын учуу аппарат жана 300 аскер техникасынын үлгүсү көрсөтүлдү.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 1 + 6 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: