“ОВД-инфо” укук коргоо порталы Орусияда өтүп жаткан “Ал бизге падыша эмес” деп аталган нааразылык акциялары учурунда кармалган адамдардын саны 1600дөн ашканын жарыялады. Орусиянын президенти Владимир Путиндин инаугурациясына байланыштуу бийликке каршы митингдер 5-майда өлкөнүн он чакты шаарында өттү.
Полиция болсо жалпысынан 800дөй киши кармалганын билдирди. Алардын ичинен 300дөйү Москвада, 200дөйү Санкт-Петербургда кармалган.
Оппозициячыл саясатчы Алексей Навальный өз тарапкерлерин 5-майда Владимир Путиндин инаугурациясынын алдында акцияга чакырган. Ал өзү да кечээ Пушкин аянтында кармалган. Оппозиционерге “митинг уюштурган” жана “полицияга баш ийген эмес” деп эки протокол жазылып, сотко чейин бошотушкан.
Эфир учурунда Настоящее Времянын кабарчысы Алексей Александров да кармалып, кийинчерээк коё берилген.
Санкт-Петербург шаарында нааразылык акциясынын катышуучулары менен полиция кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу болду. Митингчилер тосмолорду коюп, аскерлер тосуп турган аянтка өтүүгө аракет кылышты. Ал эми полиция митингчилерге күч колдонуп, союл менен уруп жатышты.
18-марттагы шайлоодо Путин добуштардын 76,69 пайызын алган жана жаңы президенттик мөөнөтүнө бүгүн, 7-майда киришет. Москванын жетекчилиги оппозициянын акциясына макулдук бербей, прокуратура “мыйзамсыз митинг өткөрүү терс натыйжаларга алып келет” деп эскерткен.
Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ