Menu

Мухаммедкалый Абылгазиев Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапар менен барат

Бөлүшүү:

Мухаммедкалый Абылгазиев бүгүн, 7-майда, Жалал-Абад жана Ош облусуна жумушчу сапары менен барат.

Жалал-Абад облусуна сапарынын алкагында Өкмөт башчы «Жалал-Абад» аэропортунун жаңы аэровокзалдык комплексинин ачылыш салтанатына катышат, ошондой эле Жалал-Абад шаардык №6 орто мектебинин курулушунун жүрүшү менен таанышат.

Ош облусунда Мухаммедкалый Абылгазиев Ана-Кызыл тилкесинин, Ачы, Кең-Сай массивдеринин өздөштүрүлүшү жана андагы жазгы-талаа иштеринин жүрүшү менен таанышат.

Мындан тышкары, Премьер-министр Араван-Сай дайрасына салынган жаңы көпүрөнүн ачылышына катышып, андан соң 1941-1945-жылкы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин абалынан кабар алат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 60 − = 56

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: