Menu

Даңазалуу балбан Раатбек Санатбаев тууралуу кызыктуу 7 факты

Бөлүшүү:

Бүгүн 7-майда  даңазалуу балбан, грек-рим күрөшү боюнча Азия оюндарынын эки жолку күмүш байге ээси, Азия чемпиону Раатбек Санатбаев көзү тирүү болгондо 49 жашка чыкмак. Атактуу балбанды жакындан жакшы билген спорт журналисти Кабыл Макешов ал тууралуу 7 фактыны сунуштайт.

  1. Белгилүү балбан Раатбек Санатбаев 1969-жылы 7-майда Ош шаарында маданият кызматкеринин үй-бүлөдө туулган. Алар Нурлан, Раатбек, Орунбек, Бакытбек аттуу төрт уул,  Айсалкын, Акылай аттуу эки кыз бир тууган болгон. Атасы Калыбек Москвадагы ВГИктин бш пединститутунда, Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында, мадантият техникумунда иштеп, ВЛКСМ, Токтогул парктарынын директору болгон. Ал  да жаш кезинде күрөш менен машыккан.  Апасы Дилбар олбурлуу, карылуу аял болуп, жубайы эрте каза болуп, алты баланы өстүрүп тарбиялоо милдетин моюнга алган. Раатбектин чоң атасы Санатбай бүткүл өрөөнгө таанымал улакчы, эр эңишке, күрөшкө түшкөн балбан болгон. Раатбектин таятасы Калы да узун бойлуу, кең далылуу,өндүү-түстүү, эмгекчил, карылуу адам болгон. Раатбектин таятасы жашынан тамеки тердирип, чөп чаптырып, эмгекчил, мээнеткеч кылып тарбиялап, үлгү көрсөткөн.
  2. Раатбек бала кезинде сүрөттү мыкты тартып, келечекте сүрөтчү болууну кыялданчу. Күрөшкө кызыктырган классташы Нурмамбет болуп, атактуу балбан, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу “Тапанча палван”-  Ибрагим Узаков  күрөш сырларын 3-классынан баштап үйрөтүп, келечекте мыкты балбан чыгаарына үмүт кылып, 6-классты бүткөндө Бишкек шаарындагы Н.Крупская атындагы( учурда Ш. Сыдыков атындагы Республикалык олимпиадалык резерв окуу жайы) жатак спорт мектебине алып келген. Аны Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Петр Цапля машыктыра баштап, күрөш сырларын ыкмаларын терең үйрөтөт. Раатбектин дүйнөлүк деңгээлдеги балбан болушуна казак устаттары Даулет Турлыханов менен Эржан Ахметов, Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Алмазбек Касенов да зор салым кошкон.
  3. Спорт мектебин аяктаган Раатбек Бишкектеги Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтуна кабыл алынып, аны Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Василий Баканач машыктырып, даңазалуу балбан болушуна зор салым кошкон. Ал Раатбек баштаган балбандарды 1987-жылы грек-рим күрөшү боюнча Ташкент шаарында өткөн Советтер Союзунун баатыры Сабир Рахимовдун ысымына арналган турнирге алып барган. Бул мелдеште Раатбек финалга чейин жетип, экинчи орунга татып, “СССР спорт чебери” деген наамдын талабын аткарган.  Бул турнир чоң спортко жолун ачкан.
  4. Раатбек студент кезинде эле Эстонияда жоокердик милдетин аткарып келип, Кыргыз мамлекеттик дене тарбия институтундагы окуусун улантып, Дене тарбия жана спорт машыктыруучусу деген кесиптин ээси болот. Ушул окуу жайда окуп, кол тобу боюнча Кыргызстандын кыз-келиндер командасынын мүчөсү болгон Сайрага 1992-жылы үйлөнүп, алар 12 жыл бирге жашап, Бексултан, Даулет, Асема аттуу уул-кыздуу болушкан. Жакында эле тун уулу Бексултан үйлөнүп, казактын атактуу балбаны, Раатбектин кан досу, Азия күрөш федерациясынын президенти Даулет Турлыхановду өкүл ата, Даулеттин жубайы, Казакстандын гандбол федерациясынын президенти Гүлнараны өкүл апа шайлады. Маркум Раатбек менен Даулеттин достугу кыргыз-казак элине бир туугандыктын үлгүсү, өрнөгү болуп калды. Раатбек кийин Кыргыз-Славян университетин да аяктаган.
  5. Раатбек Санатбаев эл аралык деңгээлдеги турнирлерди 12 ирет утуп, дүйнө чемпионатында коло медаль жеңип, Азия оюндарында эки ирет финалга чейин жетип, күмүш байгелүү болгон. Азиянын эки жолку чемпиону болуп, эки жолу күмүш, бир ирет коло байге уткан. “Даңк” медалы, Улуттук олимпиадалык комитеттин “Алтын ордени”, Ардак граматоталары менен сыйланган. Ал Кыргызстандагы XX кылымдын эң мыкты балбан деп таанылып, урмат-сыйга арзыган. Чыңгыз Айтматов атындагы жаштар сыйлыгынын лауреаты болгон. Кыргызстандын 10 жолку чемпиону аталган.  1996-жылы Атланта, 2000-жылы Сидней олимпиадалык оюндарынын ачылыш аземинде Кыргыз  туусун көтөрүп чыккан.  1998-1999-жылдары FILA рейтинги боюнча планетанын мыкты балбандарынын үчилтигине кирген.
  6. Раатбек достукка абдан бекем болуп, досторун кадырлай билген. Казактын даңазалуу балбаны Даулет менен достугун жогоруда айттык. Атланта олимпиадасынын чемпиону Юрий Мельниченко, Кыргыздын таанымал жигиттери  маркум Баяман Эркинбаев, белгилүү устат Эмил Алыкулов, маркум Кабыл Карымшаков,  Жогорку Кеңештин депутаттары Алмамбет Шыкмаматов , Максат Эгембердиев, Тазабек Икрамов,  эстрада жылдыздары Сыймык Бейшекеев, Мерген Турган,  спорт ишмерлери Анарбек Садыров, Болот Сулайманов, белгилүү ырчылар Майра Керим кызы, Роза Аманова менен достук мамиледе болгон. Жазуучу эжелери Меңди Мамазаирова менен Рабиха Алыбаева менен да жакшы ынак, бир туугандай мамиледе эле.
  7. 2006-жылдын 8-январынын түнүдө кыргыз эли, спорт дүйнөсү үчүн оор жоготууга учурап, борбордун 7-кичирайонундагы Орунбек Санатбаевдин үйүнүн жанындагы күркөлөрдүн биринен таттуу азыктарын алып, бейкапар чыгып келе жаткан Раатбекке бейтааныш адамдар бир нече жолу ок чыгарышкан. Ошентип спортчу кырчындай 36 жаш курагында ооруканага жетпей каза табат. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө 10-январда коюлган.  Раатбектин ысымы Бишкек шаарындагы Чыгыш-5 кичи районундагы спорт комплексине жана балдар спорт мектебине, Жалал-Абад шаарындагы 9-орто мектепке, балдар спорт мектебине ыйгарылган. Ар жыл сайын Кожомкул атындагы спорт ордосунда грек-рим күрөшү боюнча Раатбек Санатбаевди эскерүүгө арналган эл аралык турнир өткөрүлүп келүүдө.  Жубайы Сайра Бишкектеги Раатбек Санатбаев атындагы балдар спорт мектебинде окуу-тарбия бөлүмүнүн башчысы болуп иштеп жүрөт. Улуу уулу Бексултан Кыргыз Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитетинин кызматкери. Экинчи уулу Даулет  Алматы шаарында ишкерлик кылып келүүдө. Кызы Асема 8-класстын окуучусу.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 23 = 33

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: