Menu

Таласта жоголгон жылкы үйүрү Казакстандан табылды

Бөлүшүү:

Үч жума мурун Таластын Манас районунун Көк-Дөбө айылындагы кыштоодо жоголгон 115 баш жылкы 5-майда Казакстандан табылды.

Облустук милициянын басма сөз катчысы Динара Сарногоева «Азаттыкка» билдиргендей, үйүр Жамбыл районунун Гродиково айылынан табылган.

Жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн эки тараптуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында 107 баш жылкы ээлерине кайтарылды. Калганы өлүп калганы кабарланды.

Үйүр 17-апрель күнү Таластын Казакстан менен чектеш жайгашкан «Иван-Караван» деп аталган кыштоодо жайылып жүргөн жеринен дайыны чыкпай калган эле.

Жылкылар Манас районунун Талас айылынын тогуз, Көк-Дөбө айылынын жети тургунуна таандык болгон.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 95 − = 88

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: