Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунда жол кырсыгы катталып, 1 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда КР ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Нарын облусунун Кочкор районунда 16-октябрь күнү саат 03:50дө Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 230-чакырымында (Сары-Булак айылы) “Toyota Avensis” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып кеткен.
Кырсыктын кесепетинен 1 эркек бала каза болуп (2008-жылы туулган), 5 адам (2 эркек: 1989-жылы туулган, 1989- жылы туулган, 2 аял: 1992-жылы туулган, 1994-жылы туулган жана 1 жаш бала 2016- жылы туулган) ар кандай жаракаттарды алышкан. Жерине Кочкор райондук №42 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, каза болгон адамды унаадан чыгарышып ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен. Ал эми жабыркаган адамдарды тез жардам кызматкерлери Кочкор райондук ооруканасына алып кетишкен.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ