Menu

Келдибековго кол сунууга Атамбаевдин духу жетпейт

Бөлүшүү:

Тактан түшүп, жер менен басып калганда эсине келдиби же колунда бийлиги бар кезде мансабына манчыркап, кыргыздын бир нече мыкты жигиттерин каматып, байлыгы менен бизнесин тартып алган кыянатчылыгынын арты жаман болорун түшүндүбү, айтор экс-президент А. Атамбаев бир топ ошол “курмандыктары” менен жарашуу сунушун жасоодо. АША тарабынан андай “жуучу” жөнөтүлгөндөрдүн катарында болор-болбос жалаа менен ЖК төрагалыгынан кетирилип, андан кийин камалган экс-спикер Ахматбек Келдибеков экени айтылууда.

Бирок А. Келдибеков социалдык тармактар аркылуу мындай имишти өзү жокко чыгарып, төмөндөгүдөй билдирүү жасады: “Мени таң калтырган нерсе — ​ар түрдүү ММКлардан «Келдибеков Атамбаев менен биригиптир» деген маалыматтар тарап кетиптир. Мунун баары чындыкка коошпогон жалган жана ушак сөздөр.

Биринчиден, Атамбаев мага эч кандай биригүү туурасында сунуш кылган жок. Экинчиден, ал мага андай сунуш дагы кыла албайт. Анткени, мен жөнүндө айтпаган сөздү айтып, мени каматуу боюнча атайын команда бергенин мен анык билем. Бирок, мунун баарын Кудайга койдум. Мен андай саясий соодага барган эмесмин жана барбайм. Ал кишини ошол мен камалган убактан бери, мына алты жылдын жүзү болду көрө да элекмин. Аман эле болсун, мезгил баарын таразалайт. Атамбаев — ​бул кеткен президент, ошондуктан жаңы келген Президентке эч кандай тоскоолдуктарды жаратпай, унчукпай олтурушу керек. Эгерде, болбой эле бут тосууларды уюштуруп же кандайдыр бир терс кадамдарга барса, анда анын кесепети өзүнө эле тийиши мүмкүн».

Туура, эгер Ахматбек мырза экс-президент менен элдешсе, анда өзүнүн эле абийири кетмек. Бир чети АША аны президент кезинде соттун чечими жок эле барган жеринде ушакчы катындай жамандап жүрбөдү беле.

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 25

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: