Menu

Москвада казак банкынын мурдагы башчысы Жоомарт Ертаев кармалды

Бөлүшүү:

8-майда Москвада Казакстандагы Альянс Банктын мурдагы башчысы Жоомарт Ертаев кармалды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка караганда, полициянын атайын тобу Ертаев бараткан Gelandwagen үлгүсүндөгү автоунаанын жолун тороп токтотуп, кармап кетишкен.

РБК Ертаевдин кармалышы анын 2002-2007-жылдары Альянс банкты башкарып тургандагы мыйзамсыз аракеттерине байланыштуу болушу мүмкүндүгүн жазды.

2015-жылы Казакстандын Башкы прокуратурасы Ертаев «ишенип берилген мүлктү уурдаган» деп шектелип жатканын билдирген. 2009-жылы өлкөнүн каржы полициясы Альянс банктын акционерлери менен менеджерлерин мыйзам бузууларга айыптап, Жоомарт Ертаев камакка алынган. Бирок көп өтпөй сот аны айып пул төлөөгө милдеттендирип, эркиндикке чыгарган.

РБКнын маалыматына караганда, Ертаев Орусияда АЛМА Банк деген бренд менен белгилүү Тройка Д-Банктын директорлор кеңешинин төрагасы болуп иштейт. Андан тышкары кеңсеси «Москва-Ситиде» жайгашкан Alma Group холдингинин президенти болуп эсептелет.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 68 − = 65

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: