Menu

Сооронбай Жээнбеков Сочи шаарында Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына катышат

Бөлүшүү:

Сооронбай Жээнбеков Россия Федерациясынын Сочи шаарында 2018-жылы 14-майда өтүүчү Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына  катышат.

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын жүрүшүндө Биримдиктин алкагында соода-экономикалык аракеттенишүүнүн актуалдуу маселелери жана ошондой эле эл аралык кызматташуу жана Евразиялык аймактагы мындан аркы интергациянын маселелери талкууланат.

Жыйында Евразиялык экономикалык комиссия Кыргызстандын Биримдиктин алкагында эки жылдык ишмердигинин негизги натыйжаларын чагылдырган “Кыргыз Республикасы: Евразиялык экономикалык биримдиктеги эки жыл. Биринчи натыйжалар” аттуу докладды сунуштайт.

Ошондой эле Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен эки тараптуу жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташуунун, ошондой эле евразиялык аймакта интеграциялык аракеттенишүүнү алдыга жылдырууну талкуулоо пландалууда.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 18 = 24

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: