Menu

Тойгонбай Калматов, коомдук-саясий ишмер:«Атамбаевдин жин оорусу бар деп жүрүшөт…»

Бөлүшүү:

Эгемендүүлүк жолуна түшкөн 27 жылдан бери КМШ курамына кирген кошуна өлкөлөрдөн айырмаланып, Кыргызстан жумушсуздук, кымбатчылык күчөп, артты көздөй тайгаланып, талкаланып келаткандыгына биз гана эмес, дүйнөлүк коомчулук да күбө. Тээ Майрамдын доорунда да, Максимдин доорунда да, андан келип Атамбаев жетектемиш болгон Шоопурдун доорунда да мындай негативдүү процесс токтоонун же акырындоонун ордуна, убакыт өткөн сайын күчөп жүрүп отургандыгын ким танат? Бул көрүнүш айрыкча Шоопурдун доорунда болуп көрбөгөндөй деңгээлге жетип, кыргыз коомчулугу коррупциянын сазына биротоло батып, бийликтин, болгондо да жогорку бийликтин кадыр-баркы биротоло кетип, элдин ага болгон ишеними талкаланды. Бул трагедиялуу көрүнүш Майрам, Максим доорлорунда үй-бүлөлүк подряддын ыкмасы менен тамырлаган болсо, өз тагасы каргаган Шоопурдун доорунда кландык-бандалык топтун талап-тоноосуна гана дуушар болуп токтоп калбастан, акыркы жылдардагы жети баштуу бийликке сын айткандарды аёосуз куугунтуктап, саясий буюртма-жалаалардын негизинде узак мөөнөттөргө түрмөгө камоолор менен улантылды. Төмөндө маектешибиз мурдакы партиялык-советтик жетекчи, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген экономисти, соңку мезгилде “Элдик парламент” коомдук уюмунун саясий кеңешинин мүчөсү, кечээки зек, мурдакы атеист, 70 жаштагы Тойгонбек ажы Калматовду жогорудагыдай ойлордун төгөрөгүндө кепке тарттык.

— Тойгонбай Зикирович, “Элдик парламенттин” жетекчилиги камакка алынган 2016-жылдын 12-майы менин да эсимде. Ошол күнү “Достук” мейманканасында өткөрүлгөн 130дай киши катышкан “парламентчилердин” жыйынына байкоочу катары мен да катышып, чыгып сүйлөгөм. Сиздин саясий өнөктөштөрүңүз ошол күнү кармалып, зынданга ташталганда алардын арасында сиз жок болчусуз…

— Мен ошол учурду күнү бүгүнкүдөй эстейм. Ошондо сен акыркы болуп сөз алып, аягында: “силерди видеого тартып жатат. Сак болгула, ушул сааттардан тартып ар бириңердин артыңардан куугунтук күчөйт. Өзүңөрдөн өөн таппаса уул-кыздарыңарга, айласы кетсе мектептеги неберелериңерге чейин асылууга өтөт” дегениң менин да эсимде. Сен айткандай эле арадан 2 саат өтүп-өтпөй, “Элдик парламенттин” саясий кеңешинин 4 мүчөсү: Талгарбеков, Колубаев, Султанов жана Гусев УКМК тарабынан негизсиз кармалып, элде контора деп аталган мекеменин тергөө изоляторуна киргизилди.

— Сизди эмне үчүн ошол сааттарда кармашкан жок?

— Мени эмне үчүн кармашмак эле. Жогоруда аттары аталган төртөө сыяктуу эле мени да кармоого негиз жок болчу. Аксакалдын да өз кезеги келет дешкенби, айтор, ошол күнү мага эч ким тийген жок. Мага карата балээнин баары 1-августта башталды. Ошол күнү УКМКнын тергөө башкармалыгына чакырышты да, айтып-дебей туруп эле 10 күнгө камоого чечим кабыл алынды. Арадан 1 жыл 3 ай 15 күн дегенде 4 жылга эркимен шарттуу ажыратууга өкүм кылынып, кылмышкер атыгып, араң бошоп чыктым.

— Сизге кандай күнөө коюлду?

— Ачыктан-ачык жалаадан башка кандай күнөө коюлмак эле. Жогоруда аттары аталган 4 өнөктөшүмө коюлган оор кылмыш беренелери мага да тагылып, кылбаган кылмыштар боюнча айыптуу деп табылдым. Тактап айтканда: Кылмыш-жаза кодексинин 299-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктунда (Улут аралык, аймак аралык кастыкты жаратуу), 27-, 295- (Бийликти күч менен басып алуу жана кармап туруу) жана 341-беренелеринде (Кызмат адамдарына кол салуу) көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча айыпталдым.

— Сиз кылбаган кылмыштарды кантип далилдешти?

— Атамбаев тарабынан берилген саясий буюртма өз максатына жетти да. Ошол мен жаткан 1 жыл 3 айдан ашуун мезгилде мени болгону 4 жолу тергөөгө алып чыгышты. Эгер Атамбаев айткандай, биз мамлекетке ошончолук эле чоң коркунуч келтирип жаткан болсок, УКМКнын тергөө башкармалыгы бизге ойлонууга, даярданууга мүмкүнчүлүк бербей, жүдөтүп, шаштырып, тергөө иштерин интенсивдүү жүргүзүп, күндөп-түндөп эсибизди оодарбайт беле? Тескерисинче, ажонун айыптоочулар командасынын айлалары алты кетип, жалааны буларга кантип жармаштырсак деген ой менен гана убакыт коротуп, 3–4 айда араң бир жолудан суракка алып чыгып жатышкандыгы да мунун далили болуп жатпайбы.

Дагы бир эсимде калган нерсе — ​УКМКнын тергөөчүлөрү бизден кечирим сурашып: “аксакал баары жогор жактын буйругу менен болуп жаткандыгын түшүнүп турасыз да” деп айткандарычы. Ошондо мен тергөөчүгө (атын айтсам жабыр тартып калбасын): “балам, сен үчүн мыйзам талабы жогорубу же Акүйдүн буйругу жогорубу?” деп суроо берсем, ал: “теория боюнча мыйзам жогору, сизге карата жогору жактын буйругу жогору. Аксакал, баарын түшүнүп туруп, мени кыйнабаңызчы” деп далай жолу айтканы түшүнүктүү да.

— 30-жылдары, сталиндик-ежовдук доордо, жүз миңдеген совет адамдары эл душманы атыгып, түрмөлөрдө өлтүрүлгөн, азыраагы узак мөөнөттөргө эркинен ажыратылган. Алардын үй-бүлө мүчөлөрү ондогон жылдар бою “эл душмандарынын балдары” атыгып, жаманатты болуп, куугунтукта жашап келишти…

— Суроо түшүнүктүү. Атамбаев мени ак жерден каматканы аз келгенсип, чоң уулум Нурбек Маммүлк фондусунда статс-катчы, ортончу уулум Мирбек Бажы кызматында бөлүм башчы, кичүү уулум Үсөн финансы полициясында бөлүм башчы болуп көп жылдардан бери иштеп келишкендиктерине карабастан, 3өөсүн тең кызматтан кетиришти. Алардын 15–20 жылдык мамлекеттик кызматтагы кемчиликтерин издешти. Соңку жылдарда Атамбаевдин чачпагын көтөргөн, бир кезде Жаныштын артынан чай көтөрө чуркаган Иса Өмүркулов: “атасы оор кылмыштарда айыпталгандардын балдарынын мамлекеттик кызматта иштегенге моралдык акысы жок” деп сайрап чыкты.

Учурдан пайдаланып, ошол жүзүндө нуру жок Исанын өзүнө суроо бермекчимин: көп жыл мурда Ысык-Көлдө мас болуп машина айдап, 2 адамдын мээсин чачырата тебелеп өлтүргөн, 2014-жылы Токмокто мас акыбалда 3 шордууну машина менен уруп, 15 метрге сүйрөтүп барып жанын кыйган жаш алкаш айдоочунун кошоматчы атасынын мамлекеттик кызматта иштөөгө акысы барбы?!

Бир кезде темир жолдо 200 тонналык тепловозду чайнабай жутуп, кылмыш жоопкерчилигине тартылган Иса Өмүркуловдун ошол бактысыз беш адамдын өлүмүнөн кийин баш көтөрүп, мамлекеттик кызмат трибуналарынан бакылдап элге сын айтып жүрүшү ыйманга туура келеби? Ошол канкор баласы кийин да ГАИ кызматкерлерине зомбулук көрсөткөндүгүн эл жакшы эле билет.

Исанын башына мүшкүл түшкөндө, мен баштаган топ президентке чейин кирип, сактап калганыбызды ал унутпагандыр. Сынчынын сыңар өтүгү майрык дегендей…

— Сиз менен кошо узак мөөнөттөргө соттолгон хаталаштарыңыз: Талгарбеков, Колубаев, Султанов жана Гусев чындап эле ак жерден кесилишти деп ойлойсузбу?

— Ойлобой эле болгон чындык. Мене өзүмдүн актыгыма кандай ишенсем, аларга да ошондой ишенем. Эгер биз чындап эле мамлекетте төңкөрүш жасаганга, Атамбаев бийлигин кулатууга даярданган, аракеттенген болсок, анда бизди кармаган учурда, тергөө-иликтөө аракеттеринин учурунда бизден жетиштүү сандагы конспирациялык объектилер, курал-жарактар, акча каражаттары, аракеттенүү пландары, уюмдашкан адамдардын тизмелери, бул максаттагы сүйлөшүүлөрдүн жазуулары жана башка далил заттар табылмак да.

Зордун түбү кор болот дегендей, Атамбаев жакын арада акылсыздык аракеттерин: чагымчылык, бузукулук иштерин токтотпосо, өзү түрмөгө түшөөрү талашсыз.

Качып бараткан ууру элди алаксытыш үчүн “ууруну карма эле ууруну карма!” деп кыйкырыптыр дегендей, Атамбаев тээ 92-жылы жазуучулар союзунун Москвадан бөлүнгөн 50 миллион рублин уурдап, жок кылгандыгын жазуучунун алпы Айтматов, экс-президент Акаев канча жолу какшап-каргап айтпады дейсиң. ТЭЦтеги элдин мойнунан алынган 386 миллион долларлардын теңин ким уурдады? Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна карыздын эсебинен алынган 2 миллиард доллардын кыйласын ким уурдады?

Датка-Кемин станциясынын курулушунда 1 чакырым электр зымын тартууга 1 миллион доллар сарпталды деп, элдин мойнунан алынган кредиттерди ким уурдады? Ашып кетсе 6 доллар турган темир кычкачты 600 доллар деп, элдин көзүн ким боёду?

— Атамбаев булардын баарын өзү жеген жок да?

— Элдин мойнунан кредитке алынып, уурдалган миллиарддарды жуткан келемиштердин башында Атамбаевден башка ким турмак эле? Ошол келемиштердин көбүн тергөө органдары акчаларын тоноп туруп, акырын качырып жиберүүдө деген эл оозундагы сөздөр бекеринен чыгып жаткан жок да. Аскар Шадиевди эле алалычы… Мындайлар ондоп саналат.

— Баарын эле айткандай болдуңуз. Дача СУдагы кыйроонун натыйжасындагы 40 кишинин өлүмүн, далайладын майып болуп калгандыгын айтпай кеттиңиз…

— Дача СУдагы 2017-жылдын 16-январындагы кыйроого, 39 адамдын өлүмүнө, самолётко жүктөлгөн 250 миллион долларлык уюлдук телефондордон, компьютердик техникалардан, алтын куймаларынан жана мыйзамсыз акчалардан турган контрабандага байланышкан өзгөчө оор кылмышка да Атамбаев күнөөлүү. Муну өткөн жумада Түркиянын чалгындоо кызматы тараткан официалдуу маалымат далилдеп отурат. Аталган маалыматта жогорудагы контрабандалык байлыктар Атамбаевге таандык экендиги, ошонун күйүтүнөн президент ичип алып, оңкосунан сайылып, өлгөндөрдүн туугандарына көңүл айта албагандыгы, бул кыйроого чейин да ал самолёт Кыргызстанга кеминде 50 жолу контрабандалык товарды алып келгендиги айтылган.

Текебаевдин жалаага кабылып, анын натыйжасында узак мөөнөткө камалып кетишине да ошол Атамбаевдин аты менен түздөн-түз байланышкан Дача СУ каргашасы себеп болгон. Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, ошол кезде Текебаев Алмазды Дача СУ каргашасына түздөн-түз айыптап, импичментке алпаратбады беле? Муну моюнга алгысы келбеген Атамбаев уялбай, “Текебаев Маевскийден 1 миллион доллар пара алган” деген жомокту токуп, тергөөчүлөр менен сотторго жадыбалдай жаттатып отурат…

— Муну менен Атамбаевдин өзүн узак мөөнөткө түрмө күтүп отурат демекчисизби?

— Ооба. Сөзсүз. Учурда Атамбаев өзүнүн инсандык, саясий адепсиздиги жана уятсыздыгы менен президент Сооронбай Жээнбековдун ишеничинен ажырап, кечээ эле өзү боктоп, жалаа жаап, каматкан душмандарына бийликке каршы биригели деп, пастык кылып, жалынып жаткан учур. Нариман Түлеевге, Ахматбек Келдибековго, Камчыбек Ташиевге: “кечиргиле, жарашалы, Сооронбайга каршы биригели” деп, тымызын киши салып, жалынып жаткандыгын эл уккан жок дейсиңерби? Жакында Атамбаевдин түздөн-түз жалаасы менен зомбулукка кабылып, узак мөөнөткө түрмөгө кесилген Садыр Жапаровго да: “кечир, жарашалы, биригели, мен сени Жогорку Соттон таптаза кылып актатып чыгарып алам” деген дубай саламы да коомчулукка жарыя болуп кетти.

Садыр демекчи, Садыр Нургожоевич 2015-жылы жарыкка чыгарган “Саясаттагы 10 жыл” деген китебинде Атамбаевдин “Манас” аэропорту аркылуу Түркиядагы жер титирөөгө байланыштуу жөнөтүлүп жаткан гумжардамдын ичине катып, 3 тонна алтынды уурдап чыгып кеткендиги тууралуу жазса, Атамбаевиң түшкүр Жапаровдун жарыя кылып жазгандарын “карандай калп” деп, беттен алуунун ордуна, “Ысык-Көл губернатору Каптагаевди барымтага алды, өлтүрөм деп коркутту” жана башка 4 оор кылмыш беренелерин коюп, 11,5 жылга кестирип жиберди. 3 тонна алтынды уурдап чыгып кеткендиги калп болсо, Садыр Нургожоевичке Каптагаевге байланышкан жалган жалааны жапкандын ордуна ошол 3 тонна алтын уурдоону жалаа деп, бетке кармаса болбойт беле?!

2017-жылдын 2-апрелинде № 1-СИЗОдо Садыр Жапаровдун өмүрүнө кол салуу аракети болгондугун элдин баары билет. Бул жерде мен ажы сапарына барып келген жана намазкан киши катары айтайын: беш убак намаз окуган, ыймандуу Садыр иним эч качан өзүнө-өзү кол салбайт. Кудайдан чындап коркот. Ата-энесин, үй-бүлөсүн ойлойт да. Анын өмүрүнө кол салууну жогоруда мен мисал келтирген жалпы базар баасы 129 миллион долларды түзгөн 3 тонна алтындын артында тургандар уюштурган болушу мүмкүн деп ойлойм.

— Садыр Жапаровду жакындан билген киши катары айтыңызчы: анын 11,5 жылга кесилгидей күнөөсү бар беле?

— Мен да саясатчы болгондуктан, адамдар бул суроону мага көп беришет. Өзүң эле ойлонуп көрчү: далай жооптуу кызматта иштеген кылмышка шектүү лөктөр: Сапар Балкыбеков, Нурлан Сулайманов, Мелис Мырзахматов, Кыргызстандагы эшек этин кайра иштетүү бизнесинин негиздөөчүсү Юруслан Тойчубеков, өзүңдүн үкаң Аскар Шадиев жана башкалар Кыргызстанга келсе камалаарын билип, качып жүрүшөт. Садырдын эмне күнөөсү бар? Өзүн күнөөлүү сезсе же кылмыш кылган болсо, мени камагыла деп, чек арадан кирип келмек беле? Ал өзүнүн актыгына жана бийликтин калыс тергөө кылаарына ишенгендиги үчүн арамза Атамбаевдин торуна түшүп отурбайбы.

…Атамбаевдин жин оорусу бар деп жүрүшөт. 2016-жылы октябрда белгилүү укук коргоочу Азиза Абдрасулова президент Атамбаевди мажбурлоо жолу менен психиатриялык дарылоого кириптер кылуу жөнүндө Биринчи Май райондук сотуна бекеринен арыз жазган эмес тура. Бул нерсе тууралуу мен жогоруда токтоло кеткен Түрк чалгындоо кызматтарынын тараткан маалыматында да жыландын башы кылтайып тургандыгы бекеринен эместир. Шордууну тигиндей дейин десең, арам дүйнө — ​акча, алтын санаганды — ​пайда-зыянды укмуштай түшүнгөндүгү таңкалдырат. Кыргыз элинин мойнунда 4,3 миллиард доллар сырткы карыздын каргысы илинип турса, 1 миллион кыргыз сыртка тентип, нан издеп, кайырчынын кейпин кийип жүрсө, Атамбаевдин көрүнгөн жерде: “мен мультимиллионермин” деп сандырактаганын кантип түшүнүүгө болот?

— Атамбаевдин чоң “саясатчыга” айланышында, андан кийин Шоопур бийлеген доордо президент болушуна Тойгонбай Зикирович себепкер болгон деген сөздү укканым бар. Бул нерсенин чындыкка канчалык тиешеси бар?

— Бул нерсе оюмда турган болчу. Айтпайын, мактанбайын дедим эле. Өзүң сурап калдың: айтсам айтып берейин.

Тээ 93-жылы Аскар Акаевич бизди чогултуп, КПССтин ордуна бийликтин башка бир партиясын түзөлү деген сунуш киргизип калды. Мен анда Жалал-Абад облкеңешинин төрагасы элем. Өзүм баш болуп, бир нече киши жаңы партиянын уставын, зарыл документтерин иштеп чыгып, Кыргызстан социал-демократиялык партиясы деген ат менен каттоодон өткөрдүк. Менин жашаган жана иштеген жерим борбордон алыс болгондуктан, КСДПны ыраматылык Жумабек Ибраимов жетектөөгө өттү. Арадан 2 жыл өтпөй, ал Премьер-министр болуп кеткенден кийин, партияга Абдыганы Эркебаев жетекчилик кылып, 6–7 жыл башкарды. Анан эле шайтан басыптыр дегендей, КСДПны Атамбаев ээлеп, менчиктештирип алды да, бизди кууп-таратып, партиянын саясий ишмердиги жеке базарга айланды. Азыр болсо, Атамбаев уялбай: “КСДПны мен түптөгөм, мен уюштургам” деп көкүрөгүн ургулагандан чарчабайт.

— Маегибизди аяктап жатып, кошумча дагы эмнелерди айткыңыз келет?

— Атамбаевдин 6 жылдык мөөнөттөгү мамлекетке, элге кылган кыянатын Майрам менен Максимдикин кошкондо да салыштырууга болбойт дегим келет.

Текебаевдин демилгеси менен жана Атамбаевдин “акылман жетекчилиги” астында акчасы жоктор шайлануу укугунан көз көрүнө ажыратылып, парламентке КСДПынын тизмеси аркылуу көпчүлүк бөлүгүн мекенчилдик сезиминен ажыраган: мурдакы базаркомдордон, заправщиктерден, кылмышкерлерден, коррупционерлерден — ​кошоматчылардан түзүлгөн шектүү күчтөр келди. Натыйжада өлкө бүгүнкү акыбалга жеткирилди.

Майрам менен Максимдин доорунда 4–6 киши саясий куугунтукка алынган болсо, Шоопурдун доорунда 50дөн ашуун эр-азаматтар ак жерден жалаага кабылып камалды, далайлары баш-көздөрү жарылып аёосуз уруп-сабоолорго дуушар болду. 10дон ашуун журналист өз ишмердигинен улам укуктук зомбулукка кабылып, миллиондогон айыптарга кириптер кылынды.

Коррупцияга каршы чыныгы күрөш дал мына ушул коррупционерлердин анабашы болгон Атамбаевдин учурунда уюмдашып, соңку кезде туш тарапка тыркырап качып бараткан күчтөрүнүн тамырын биротоло кыркуудан башталууга тийиш. Бул багыттагы кечиктиргис чараларды ишке ашырууда Сооронбай Жээнбековдун учурдагы аракеттери толугу менен колдоого арзыйт.

Учурда Атамбаев атактуу Шоопурдун доорунда ушунчалык кеңкелестикке көп жол койгондуктан, бир кездеги санаалаш болгондугума карабастан, ага карата: “эсиң барда этегиңди жап” деген кепти да айтууга болбой калды. “Баарыңды Кудайга койдум, силерди Кудай урат, Кудай көрсөтөт” деген сөздөрдү жаттап алып, ары жок акыретчил болот дегендей, тозокту бетке кармап, элди коркуткандан тажабаган жалаакор Атамбаевди, анын табакташтарын, түрдүү инстанциядагы буюртма өкүмдөрдү ойлонбой аткарууга адистешкен киллер-сотторду моралдык өлүм күтүп, КСДПынын босогосунда саясий ажал акмалап тургандыгын элдин баары эле түшүнүп калды.

Акырында айтаарым: Атамбаев Конституцияны, мыйзамдарды тебелеп-тепсеп, бийликтин бардык тармактарын менчиктештирип алды. Каримов менен Назарбаевге орунсуз жерден акарат айтып, асылып сүйлөп, Кудай берген кошуналарыбыз өзбек жана казак менен мамилени бузуп, анын кесепети элге тийди. Коррупцияга каршы күрөшүмүш болуп, аны өзү душман деп эсептегендерден өч алууга пайдаланды. Кадр маселесинде кошоматчылык ээлик кылып, тазалык, компетенттүүлүк, мекенчилдик сыяктуу талаптар тепселди.

Маектешкен Номанжан Аркабаев

Булак: Жаны Ордо

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 64 − = 54

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: