Menu

Мамдумада «антиорусиялык санкцияларды» аткаргандарды жазалоо сунушталууда

Бөлүшүү:

Мамлекеттик думанын кароосуна Орусия аймагында чет өлкөлүк санкцияларды аткаргандарга карата эркинен ажыратуу жазасын сунуштаган мыйзам долбоору келип түштү. Долбоор Мамлекеттик думанын сайтына жарыяланды.

Мыйзам долбооруна ылайык, «антиорусиялык санкциялардын» негизинде кызмат көрсөтүүдөн же орусиялык компаниялар жана жарандар менен келишим түзүүдөн баш тарткан тараптар 600 миң рубль өлчөмүндө айып пул төлөп же төрт жылга чейин эркинен ажыратылат.

Орусиялык жеке жана коомдук субъектилерге карата чектөө чараларынын киргизилишине себеп болчу маалыматтар менен сунуштамаларды берүү үчүн мыйзам чыгаруучулар 500 миң рублге чейин айып пул төлөтүү, төрт жылга чейин эркинен ажыратуу же мажбурлап иштетүү жазаларын сунушташууда.

Мыйзам долбоору Федералдык жыйындын жогорку жана төмөнкү палаталарынын төрагалары, парламенттеги бардык төрт партиянын лидерлери жана Мамдуманын вице-спикерлери тарабынан демилгеленген.

Мамдуманын кароосунда ошондой эле «АКШ санкцияларына каршы» мыйзам долбоору дагы бар. Анда Кошмо Штаттардын орусиялык компанияларга, ишкерлерге жана аткаминерлерге каршы киргизген санкцияларына жооп чаралар сунушталган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 4 + 5 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: