Menu

«Кудайдын алдында ант берген” Атамбаев айткан «Шайтандын кулдары» кимдер?

Бөлүшүү:

Бир нерсе кылыш керек эле, бирок акча жок да

Алмазбек Атамбаев деги качан элди ынтымакка чакырып, оозунан качан жакшы сөздөр чыгат деп нааразы болгондор бүгүн түштүктүн жашоочулары болду. Анткени, 16-мартта Ош шаарына болгон иш сапарында мамлекетти башкарып турган ажобуз  Ошко баланча керек, силерде түкүнчө жок деп наалыгандан башка  жарытарлык сөз сүйлөгөн жок.

Жакындарын жоготкон жаралуу элдин жок дегенде жакшы сѳз менен маанайын кѳтѳрүп, Ош коогалаңында атасынан ажыраган жетимдердин маңдайынан сылап, ботосунан айрылган энелердин кѳз жашын аарчып ѳтсѳ, эл деле эреркеп ажого ак батасын аямак эмес.

Бирок, “Менин айланамдагы адамдар мага каршы иштеп атышат. Мен жалгыз калдым, эч ким мени түшүнбөйт” – деп наалыганга кѳнгѳн Алмазбек Шаршенович, Ош шаарында  суу маселеси эң көйгөйлүү экенин, 5-6 жылдан бери ушул маселе ага тынчтык бербегенин билдиргени менен бул маселе 20 пайыз гана чечилгенин, анан айланма жол куруу зарыл экенин какшап, бирок ага каражат керектигин билдирген Атамбаевди угуп отуруп, бул нерсе айтылган сөз боюнча каларынан шек санабай деле койсок болчудай.

Карызыбыз баштан ашып туруп өнүгүү жолуна аттандыкпы?

«Биздин экономика бир канча жыл мурда  араң жан болучу, биз абалды оңдой алдык. Коррупция менен күрөштүн натыйжасында өлкө бюджетинин киреше бөлүгүн көбөйттүк. Эгер ушул жетишкендиктерди сактап жана уланта алсак, Кыргызстан сөзсүз гүлдөп өсөт»-деген ажонун сөзүн угуп отуруп Атамбаев Кыргызстан тууралуу сүйлөп жатабы деп айран таң калгандар андан көп болду.

Экономикабыз өскөнүнөн деги эле кабар жок го, экономика өссө карапайым калк кайыр сурабай, жетиштүү жашабайт беле деген суроо жан дүйнѳбүздү ѳйүп турду дейт жолугуушунун катышуучулары.

Мындан туура тѳрт жыл мурун «Мен бул жакка насыя же грант сураганы келбедим. Кудай буйруса, биз да беш миллиондук Дания же миллиондук Катардын деңгээлине жетебиз. Мен ишенем,биз  Россияга жардам бере турган күн келет» деп мактанган ажобуз кыргыз экономикасы кургуйга кулап баратканы тууралуу сѳз кылуудан качып, сарт санаасы менен байыйт дегендей таасир калтырды.

Алмазбек Шаршеновичтин “жѳѳ жомогун” угуп, “Коррупция азайган болсо бала бакчада, мектептерде азаят эле го, калп жар салуу менен ар кимди кармап, айрымдарын өлүмгө чейин жеткиргени менен мактанып жатабы” деп ызырынгандар четтен чыкты.

Кыргызстан азыркы экономикасы адам суктанарлык эмес экенин,  ѳлкө карызы баштан ашып, дефолт алдында турганда, өнүгүү тууралуу сөз кылууга эрте экенин эч ким түшүнбөйт деп ойлодубу, белгисиз.

Бийлик элин сыйласа Кыргызстан өнүгөрүн айткан президент, эмнеге өлкөнү гүлдөтө албай жатканын айткан жок.

Провакаторлорду таш менен кууш керек

Өлкө президенти коомдук-саясый кырдаалга токтолуп, шаардыктарды ынтымакта жана биримдикте жашоого үндөдү. Улутка, жер-жерге бөлүнбөйлү. Эгер чагымчылдыкка алдырсак, шаар өнүкпөй турганын айтып туруп, бирок провакаторлорду таш менен кууш керек деп, элди мыйзамсыз кадамдарга чакырып өттү.

Тынчтык митингдери өтүп жатканда провакация кылып спортчу балдарды жиберип, мектеп окуучуларын антимитинг өткөртүп накта провокацияны бийлик ѳзү уюштуруп жатканын митингдин лидерлери айтып чыгышпады беле, ошондо Атамбаевди өлкөдөн кууш керекпи? — деген суроо ар бир акыл эстүү кишиде жаралбай койгон жок.

Шайтандын кулдары кимдер?

90 баланын каны төгүлүп, ошонун натыйжасында өзү президент болгонун унутуп калганбы, айтор кан төгүү менен акча тапкандар, байыгандар бар экенин кошумчалады. Оппозицияга ыктаган аткаминерлерди “шайтандын кулдары” деп аттоо менен Атамбаев өзү да бир убакта оппозицияда экенин унутканынан, артка кылчайып, өткөндөн сабак албаганынан кабар берди. Ошончолук эле чынчыл болсо ошол кан төгүү менен акча таап, 3 кабаттуу хан сарай куруп жаткандардын атын атап, кан төгүп жаткандарды карап турбай жоопко тарттырбайбы деген суроонун жообу жок калды.

Алмазбек Шаршенович элдин алтындай убактысын алганга жараша ал сөз кылган мэрлер, акимдер, аткаминерлер кимдер экенин айтып койсо болмок деп өкүттө калгандар да болду.

Ата бабаларыбыз Тадж-Махалды курушканбы?

2013-жылдын, январь айында, Өзбекстан менен болгон чегара чатактары тууралуу айтып жатып, “Кыргызстандын бүгүнкү армиясынын акыбалын билесиң. Өзбекстандыкын да билесиң. Эгер чындап согуш башталып кетсе, анда алар бир күндө бүт түштүктү басып алышат. Түшүнгүлө, Каримов түбөлүк жашабайт да. Балким, 3-4 жылдан кийин өлөт. Өлгөндө анан бул маселени чечебиз” деген Атамбаев, акыркы 30-40 жылда Ошто 3 жолу коогалаң болгонун эске салып, ушундай учурларга жол бергени үчүн уялып жатканын билдирди.

Ош шаар байыркы шаар. Ошондуктан мындай калпыстыктарга жол бербѳѳ керек деген ѳлкѳ башчысы сөз нугун ата-бабалар тууралуу нукка бурду. Анда Атамбаев Индия менен Пакистандын жетекчилери менен жолугушканын, биздин оштук ата-бабаларыбыз аларды башкарганын, Тадж-Махал сыяктуу жайларды биздин ата-бабаларыбыз курганын айтканына мактанып өттү.

Убагында, тактап айтканда 2011-жылдын, 9-сентябрында «Владимир Владимирович, менин көздөрүмө жакшылап караңызчы. Мен Алешамын, орусмун» деген ажобуздун, ата-бабаларыбыз Тадж-Махалды курган деген мактанычына тарыхчылар жооп берер.

Президент мөөнөтүнүн бүтөрүн чыдамсыздык менен күтүп жаткандай

 Ар жыл эмес ай сайын, алты адам чогулган жер болсо эле актана берчү адаты кармап Алмазбек Атамбаев мөөнөтү бүтсө эле өзүнүн айылына кетерин айтып жатып, “Менин ордума ууру бирөө келсе бул кызматта көпкө кармала албайт. Бир нерсе туура эмес жасалган болсо башым менен жооп берем» деди Атамбаев.  Бирок, айтылган сөз атылган ок менен барабар экенин ажобуз унутта калтырды көрүнөт.

Анткени, Алмазбек Шаршенович оппозициянын бир капталын чоюп турганда, Түп жергесинде “Оң жагымда тоо, сол жагымда Көл, өйдө жагымда көк асман, Кудай турат, бу Бакиев Каркыраны казактарга берип ийген, силер колдоп, президент болуп калсам, ошол маселени чечкенге ант берем! Нураке аксакал дүйнөлүк масштабтагы чоң саясатчы, кадыр-баркы чоң, мен ал кишиге тизелесем дагы Каркыраны кыргыз элине кайтарам” деп элдин гана эмес Жаратканды кошуп Кудай алдында убада берди эле. Мына бүгүн кыялдары орундалып ѳзү президент бирок, айтылган сѳздѳр аткарылдыбы?

«Ант урсун» деп коёт кыргызда. Бул сөз Кудай урсун деген сөздөр менен теңата айтылып келген. Кыргыз элинде «ант» деген сөз адамдын тулку-боюн титиреткен сөздөрдүн катарына кирген. «Ант берүү», «ант алуу» дегендин өзү ыйык милдет катары эсептелинген. Антты бузган адам — «мындай берене менен жазаланат» деген мыйзам жок болсо да, эл ичинде жазадан дагы оор жаза — адам катарынан чыгаруу болгон. Антты бузуу — бул бүтүндөй бир элдин, бир улуттун намысына шек келтирген нерсе катары кабылданган. Антты бузган адам өзүнө чейинки жети атасына, өзүнөн кийинки жети муунуна чейин каргыш алып, жалпы уруусуна шек келтирген. Андай адамдар киши катарынан чыгып, «ант бузар» аталып, укум-тукумунун кадыры кыркылып, калк арасынан сый көргөн эмес.

Алмазбек Шаршенович  президенттик такка келгенден бери «Кудайдын алдында ант берем» деген ажобуз берген анттын качан аткарат деп  үмүт үзбѳй үлбүрѳп күткѳндѳр кѳп экенин унутпаса.

ѳзү  айткандай, убакыт келет, кетирген катачылыктар үчүн ар ким өз башы менен берген анттарына жооп берет деп биз да ишенебиз.

Булак: Каганат.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 3 + 7 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: