Menu

Өзбекстан менен АКШ 4 миллиард долларлык келишимге кол коюуга ниеттенүүдө

Бөлүшүү:

Өзбекстан менен АКШ Шавкат Мирзиёевдин Вашингтонго болгон сапары учурунда бир нече миллиард долларлык келишимге кол коеру күтүлүүдө.

Америка-өзбек соода палатасынын төрагасы Кэролин Лэмм «Өзбекстан 24» телеканалына берген маегинде 15-майда жалпысынан төрт миллиард долларлык келишимге кол коюлары пландалганын айтты. Анын билдиришинче, тараптар соода, коммерция, инвестиция багытында кызматташууну арттырат.

Лемм экономикалык кызматташуунун келечектүү багыттарынын бири – мунайгаз жана түстүү металлургия тармагы экенин белгиледи. Ал Өзбекстанда биргелешкен ишканаларды ачуу үчүн жалпы кызыкчылыктар жетиштүү экенин айтты.

Трамп менен Мирзиёев алгач ирет 2017-жылы майда араб-мусулман өлкөлөрү менен АКШнын Эр-Риядда өткөн саммитинин алкагында жолугушкан.

Мирзиёев былтыр сентябрда Нью-Йоркто америкалык компаниялардын өкүлдөрү менен кездешип, эки тараптуу бизнес-форумга катышкан. Форумдун жыйынтыгы менен мунайгаз, мунайхимия, машина куруу, электротехникалык өндүрүш жана жарандык авиация тармагында 2,6 миллиард доллардык келишимге кол коюлган.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 4 = 3

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: