Menu

Ташкент-Худжанд автобус каттамы ачылды

Бөлүшүү:

26 жылдык тыныгуудан кийин Ташкент-Худжант багыты боюнча автобус каттамды жанданды. Анын  алгачкы жүргүнчүлөрү – мамлекеттик мекемелердин өкүлдөрү, транспорт компаниясынын кызматкерлери, туристтер жана журналисттер 15-майда Худжанддагы “Жибек жолу” автобекетине келишти.

Ташкенттик конокторду Согди облус администрация башчысынын орун басары Рустам Рахматзода тосуп алды. Маалыматтарга караганда, кийинки жумадан баштап, автобус менен Душанбеден Өзбекстандын Термез шаарына чейин барууга болот.

Өзбекстан Транспорт министрлигинин өкүлү Хайрулло Каримов өкмөт аралык келишимге ылайык, жакын арада Душанбе-Денау, Пенжикент-Самарканд, Ташкент-Фергана багыттары боюнча автобус каттамдары ачыларын билдирди.

Эки өлкө жүргүнчүлөрүн өзбекстандык “Манзара туризм” жана тажикстандык “Asian express” компаниялары тейлейт.

Худжанд-Ташкент каттамы боюнча билеттин баасы 50 сомони ($5.5) турат.

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − = 15

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: