Кыргызстандык балбан Алинур Такиров Ташкентте отуп жаткан кадеттер арасындагы курош боюнча Азия чемпионатында кумуш медал тагынды. Бул тууралуу Эл аралык курош уюмунун расмий сайтында кабарланды.
Маалыматка ылайык, Алинур 12-майда эркин күрөштөн 71 килограмма чейинки салмакта үч беттеш өткөрдү. Чейрек финалда индиялык Кумар Анкитти 2:0, жарым финалда казакстандык Исламоек Илязовду 9:0 эсебинде жеңип алды. Алтын байге үчүн таймашта ирандык Мохаммад Ашгар Ноходиларимиге жеңилип, кумуш медалга ээ болду.
Мындан тышкары, аталган мелдеште эркин күрөшчү Стамбул Жаныбек уулу (65 кг.) менен кыздардын эркин күрөшүнөн Сезим Жуманазарова (57 кг) коло медалды багындырышты. Белгилей кетсек, кадеттер арасындагы Азия чемпионаты бүгүн, 13-майда эркин курош боюнча таймаштар менен жыйынтыкталат. Бугун жети салмак боюнча балбандар байге талашат.
Буга чейин грек-рим күрөшү боюнча мелдештер аяктап, Кыргызстандын эсебинде эки күмүш жана бир коло байге бар. Күмүш медалдарды Акыйкат Кулжигит уулу (45 кг.) менен Бакдаулет Эгембердиев (65 кг.) алса, коло медалды Элмирбек Садыров (60 кг.) тагынган.
Булак: Мантыш
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ