2018-жылдын 16-майында түшкү саат 12.30 чамасында Бишкек шаарындагы «102» нөөмөт кызматына белгисиз адам борбор калаадагы Орто-Сай базарына бомба коюулду деген билдирүүнү айтып, качып кеткен.
Жерине токтоосуз түрдө КР ИИМ жана МУКК кызматкерлери келишип, Орто-Сай базарынын аймагы курчоого алынды
Текшерүүнүн жыйынтыгында кандайдыр бир шектүү буюмдар жана жардыруучу заттар табылган жок.
Учурда базар кадимки режимде иштеп жатат.
МУКК телефон чалган адамды аныктап табуу боюнча ыкчам-издөө иш чараларын улантууда.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ