Menu

Ашхабаддын борборун суу каптады

Бөлүшүү:

Ашхабадда бир нече күндөн бери нөшөрлөп жааган жамгырдан улам ондогон көчөлөрдү, имараттарды суу каптады.

Ак жаандан дээрлик Ашхабаддын борбордук бөлүгү суу алдында калды.

“Жамгыр бир аптадан бери токтой элек. Жерге суу сиңбей калды. Буга байланыштуу Подовой жана Совет трассаларынан суу акты. Экөө тең протоколдук көчө. Кямиль универмагынын кампасындагы азык-түлүктөрдүн көбү жарабай калыптыр”, -деп билдирди “Азаттыктын” түркмөн кызматынын кабарчысы.

Учурда жаандын кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө. Пландан тышкары ишембиликтер өтүп, арыктарды, көчөлөрдү баткактан арылтышууда. Тазалык иштерине бардык мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлер тартылды.

Бир жумадан бери жамгыр жаап жатканына карабай, Түркмөнстан ММКлары анын кесепеттери туурасында кабар беришкен жок. Аба ырайы тууралуу маалыматтарда дагы эскертүүлөр болгон эмес.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 30 + = 39

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: