Экс-БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов былтыр президенттик шайлоого атганууга бел байлап, штабдарды ачып, катуу киришип калганына күбө болгонбуз. Анан эле КСДП-дан Сооронбай Жээнбековдун талапкерлиги көрсөтүлгөндө, Туйгун байке акылмандык кылып, чейрек кылымдык досуна карты чыгууга барбай, тескерисинче, аны жигердүү түрдө колдоого алган. Ошентип, шайлоо да өттү. Мына, Жээнбековдун бийликке келгенине жарым жыл болуптур. Таңгалыштуусу, Абдраимовду унутуп койгонбу, же кимдир бироолор ортого бузукулук салганбы? Биздин баамыбызга караганда, окмот курамына жана башка кызматтарга коптогон кадрлар келип атат, көпчүлүгүнө ичиңжылыбайт. Себеби, алар профессионалдар эмес. Дал ушул шартган алганда, Туйгунаалы Абдраимов депутат, министр, элчи жана эки жолу БШКны татыктуу түрдө башкарган, тажрыйбага бай инсан катары бааланат. А эмне үчүн мындай фигура көмүскөдө калышы керек? Каарманыбыз медицина тармагында, саясый элитада кадыр-барктуу, о.э. Чүйдүн көрүнүктүү баштоочуларынын бири. Кыскасы, кандай айтсаңда сөз кырааты эп келет эй!
Булак: ”Азия Ньюс”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ