Menu

Канттагы Россиянын аскердик базасы кайсы өлкө үчүн пайдалуу экендигин эч ким деле билбесе керек

Бөлүшүү:

Анткени өзү экономикалык каатчылыкты баштан өткөрүп жаткан мамлекет үчүн мынча авиация менен жоокерлерди кармап туруу оңой эмес каражатты талап кылат. Ошол эле учурда алар жергиликтүү элдин азык-түлүгүн сатып алып, тейлөө кызматтарына кыргызстандыктарды иштетип, экономикабызга аз-маз салым кошуп, жумушсуздук көйгөйүн да чечүүдө. Бирок орус президенти В. Путин акыркы ирет Бишкекке келгенде “Биз бул базаны Кыргызстандын суранычы менен ачканбыз, керек болсо заматта чыгып кетебиз…”, — ​деп кескин пикирин айткан жайы бар. Бул арада Россия Кыргызстандын түштүгүнө экинчи аскердик базасын да ача тургандыгы кеп болууда. Мындай билдирүүнү өткөн жумада Сочиге барган учурунда орусиялык маалымат каражаттарынын биринин суроосуна жооп берип жатып билдирди. Ага чейин Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу Тажикстандагы жана Кыргызстандагы аскердик базалар чыңдала турганын айткан эле. Аскердик эксперттер болсо “Кыргызстанда кошумча аскер базасын ачууга зарылдык жок жана Москва аскердик бюджетин кыскартып жаткан чакта Орусия ага акча коротпойт” деп жатышат. Ошол эле учурда Тажикстан менен Афганистандын чек арасында “Талибан” кыймылынын 7 миң жоочусу жайгашып, кызуу машыгууларды өткөрүп жаткандыгы көптөн бери айтылып келатат. Демек, Сирияда жеңилип, журт которгон террордук, экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү Борбор Азия өлкөлөрүнө, андан ары Россияга кол салууну көздөп жаткандыгы чын окшойт…

Булак: Жаңы Ордо”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 57 = 62

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: