Menu

Илим Карыпбековго Кайрылуу: кызымдын инсульт абалына жеткизген Жылдыз Жумабекова жооп берсин

Бөлүшүү:

Урматтуу уулум Илим!

Менин кызым, журналист Чынара Токонова буга чейин ушул эле КТРКдан өсүп такшалып, кийин 5-канал, «Интерньюс», НТС сыяктуу телеканалдарда 15 жылдай убакыттан бери эмгектенип, өзүнүн күчтүү журналист экендигин көрсөтүп, элге таанылып, оозго алынып калган.

Мындан 3-4 ай мурун өзүң жетектеген КТРКнын «Ала-Тоо 24» каналына ишке алдың эле. Өзүң деле Чынаранын жакшы адис экенинен кабарың болгон үчүн ишке алган чыгарсың. Ошондон бери берилген тапшырманы өз убагында аткарып, кынтыксыз иштеп жаткан. Жакында КТРКга жаңы келген орун басарың Жылдыз Жумабекова жыйын куруп, «Сюита Соурбаеванын материалдарын эфирге чыгардың» деген күнөө коюп, кызымды аябай кысмакка алган. Өзү ишке тың, чыйрак, акыл-парасаты жогору, эч ким менен акыйлашпаган, мүнөзү уяң кызым жаңы келген орун басардын койгон талаптарына, жөнү жок асылганына ыза болгон экен, кечинде жумуштан жаман болуп келип, «апа, мени Жылдыз иштетпейт окшойт, болбогон күнөөлөрдү коюп жатат, кыздар дагы айтышты «Жылдыз сенин үстүңөн түшүп, аябай текшерип жатат» дешти. Ошон үчүн иштен кетүү жөнүндөгү арызымды жазганга аргасыз болдум» деген. 3-май күнү аябай бушайман болуп, «Ала-Тоо 24» каналында иштешкен курбуларына жолугуп келүүгө кеткен. Арыз жазгандан бери бушайман болуп, көнүп калган коллективден кеткиси келбегендигин айтып жатып, кыздар менен жолугушкан жерден кан басымы көтөрүлүп, 200гө чыгып жыгылган экен. Кыздар «тез жардам» чакырышып, республикалык оорукананын неврология бөлүмүнө «геморрагический инсульт» диагнозу менен жаткырылды (мед. заключение бар). Кызым азыркы тапта республикалык экинчи неврология бөлүмүнүн реанимациясында жатканына он күндөн ашты. Көз жашымды төгүп оорукананы күзөтүп, он күндөн ашык отурганым отурган. Тепкичте ыйлап отурсам кыздар «Жылдыз келди» дешти. Жүзүнө тик багып карагым келген жок, буркурап ыйлап көз жаштан күчүмдү чыгардым. Ызага буулугуп, кан басымым 200дөн түшпөй турат.

«Өз арызым менен иштен бошотуп коюңуз» деп арыз жазган экен, неге териштирбей туруп арызын кабыл алып, дароо жумуштан бошотуп койдуң, уулум Илим?! Сюитанын материалын менин кызым Чынара эфирге чагылдырбаса, башка бирөө деле бермек да, бул жерде эмне аябай ат көтөргүс арман бар беле? Же телеканалда көрсөткөнгө тыюу салган кишилер барбы? Болсо байкуш кызым аны билбесе керек. Сураштырсам орун басарың Жылдыз Жумабекованы учурунда Сюита Соурбаева жумуштан кетиргенби же башка Сюита деген кызга кетпеген кеги барбы, айтор, ошол өчүн менин кызымдан алыптыр. Жаңы эле кызматка келип, кыргын-сүргүн баштаган бул орун басарыңдын кылган иши Кудайга да жакпайт. Алчу өчүн башкача албайбы! Кызыма карата кылган бул мамилеси тууралуу «Ала-Тоо 24» жамааты баары кабардар, бирок ар ким өз кызматынан, өз ордунан коркуп мага айткандарын ачык эч убакта айта алышпайт. Бул иштин терең иликтенишинен деле күмөнүм чоң, бирок ошондой болсо дагы өзүңө коомчулук аркылуу кайрылууну туура таптым! Эч убакта ушинтип кат жазып
калам деп ойлогон эмесмин. Бирок, мен азыр жүрөгү тилинип жаткан энемин! Жакшынакай жүгүрүп, чуркап иштеп жүргөн кызым инсульттун оор түрүнө кабылып төшөктөн турбай жатса, эмне арга кылам?! Жылдыз Жумабекованын кызымды жыгып коюп, эми «путевка алып берем, антем, минтем» деп ортомчу салып, ар кимден айттырганынын кимге кереги бар?! Менин кызымдын ден соолугун эми ким кайрып берет, кадимки абалына кайтат деп ким кепил болот?! Мен кызымды ушундай абалга алып келген адамгерчилиги жок ушул жетекчинин жазаланышын жана кызымдын ден соолугу үчүн жооп беришин талап кылам! Азыр Кудайдан кызымдын сакайышын тилеп отурам, бирок эч ким, дарыгерлер баш болуп, толук калыбына келерине кепилдик берген жок! Мен мыйзам чегинде дагы бул маселенин чечилишине бутум үзүлгөнчө чуркайм! Азыр кызымды сыйлаган ар бир телеканалда, гезит-журналдарда иштеген баардык журналист кесиптештери колдой турганын билгизип, учурда моралдык дагы, материалдык дагы жардам көрсөтүп келишүүдө. Баарына ыраазычылык билдирем! Жылдыз Жумабекова кызымдын азыркы акыбалына жооп берсин! Чара көрүлбөсө Жогорку Кеңешке, президентке кайрылууга аргасыз болом!

Батма Абдразакова

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha + 16 = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: