Астанада ЭксимБанк башкармалыгынын мурдагы төрагасы, ишкер Еркын Амирханов камалды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат агенттиктер өлкөнүн Улуттук коопсуздук комитетине шилтеме кылып жазышты.
Казакстандын эң бай 50 адамынын тизмесине кирген ишкер 5-майда коррупциялык иштерге шектелип кармалганы кабарланууда.
«3-майда комитет пара берүүгө шектелген «Центрказэнергомонтаж» компаниясынын сатып алуулар боюнча мурдагы төрагасы Амирханов Е.Ага карата сотко чейинки тергөө иштерин баштады», — деп жазылган Улуттук коопсуздук комитетинин билдирүүсүндө.
Маалыматка караганда, 6-майда Астананын Есильск райондук соту Амирхановго карата эки айга камакка алуу баш коргоо чарасын белгилеген. Коопсуздук комитетинен тергөөнүн кызыкчылыгын үчүн бул иш боюнча башка маалымат берилбей турганын билдиришти.
Өткөн айда Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев ЭксимБанк эң жаман көрсөткүчтүү үч банктын катарына кире турганын айткан. Президент 18-апрелде Астанадагы жыйында банктын акционерлери мекемени начар башкарып, аманатчыларга болгон карыздарын төлөй албай калышканын белгилеген. Азырынча Амирхановго ЭксимБанктагы ишине байланыштуу айып тагылар-тагылбайсы белгисиз.
Булак: Борбор Азия жанылыктар кызматы
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ