Menu

Сот Трамптын «Твиттерде» колдонуучуларга бөгөт коюусуна тыюу салды

Бөлүшүү:

Нью-Йорк соту АКШнын президенти Дональд Трампка «Твиттерде» колдонуучуларга бөгөт коюуга тыюу салды.

Соттун чечимине ылайык, Трамп буга чейин «кара тизмеге» киргизген колдонуучуларды дагы кайра чыгарышы керек болот.

Былтыр июлда президентти сындаган билдирүүсү үчүн «кара тизмеге» киргизилген жети колдонуучу Knight First Amendment Institute укук коргоо уюмунун жардамы менен Трампка каршы доо арыз жазышкан. Алардын айтымдарында, президенттин «Твиттердеги» колдонуучуларга бөгөт коюусу жарандарга сөз эркиндиги менен нааразылык билдирүү укуктары кепилденген АКШ Конституциясына каршы келет.

Колдонуучулардын доо арызында Трамп кичиблогу аркылуу саясий билдирүүлөрдү жасап жаткандыктан, ал жер коомдук талкуу, талаш-тартыш аянтчасы болуп эсептеле тургандыгы белгиленген.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: