Menu

Чолпонбек Сыдыкбаев, саясат талдоочу: “Кыргызстан – өч алгычтардын, жегичтердин, качкындардын, канкорлордун өлкөсүнө айланбаса экен”

Бөлүшүү:

Биздин каарман өлкөдөгү саясый процесстерди ар убак ташка тамга баскандай таасын талдай алгандыгы менен айырмаланат. Ошондуктанбы, анын бул жаатта айткан ар бир кеби ынанымдуу болуп, коомчулукта ачык талкуу менен коштолмою бар. Бул сапар да көрөңгөлүү инсан менен маегибиз маанилүү кеп-сөздөргө оролуп, кызык маанайда уланды.

— Чолпонбек мырза, соңку саясый окуялардан улам көрдүк да, экс-премьер Сапар Исаков парламенттен депутаттарга татыктуу жообун узатып, камактан да коркпостугун, эч жакка качпай, актыгын далилдээрин ачык жар салды. Айтыңызчы, анын мындан аркы саясый тагдыры кандай нукта уланат деп ойлойсуз?

— ЖЭБге байланыштуу чыр Кыргызстан үчүн “кылым кылмышы” болгону калды окшойт. Мынчалык ири долбоордун сапатсыз аткарылып, айрым топтордун кулкунуна ири суммалар куюлуп кеткени чындап далилденсе, мурдагы биринчи, экинчи жетекчилердин актанганы курусун. Акаев да убагында ушунча кооз сөздөр менен актанчу, мактанчу эле аягы эмне болду? Ылайым алар ак чыкса кана? Бирок, окуялардын өнүгүшү такыр башка нукка бурулуп, ал жактан жаңы фактылар, жаңы жүздөр да чыга келиши мүмкүн болуп калды. Сапар Исаковдун азыркы аракети “коргонуунун эң жакшысы – чабуулга өтүү” деген тактикага туура келет. Кантсе да Сапар Ормон хандын урпактарынан да, кашкөйлөнүп турганы — качып кеткендерге караганда кайраттуу экен. Күнөөлүүлөр качып кете берип аягы тумандап, сырттан соттоп кала бергенден көрө күнөөлөрү далилденсе, жоопко тартылса коом үчүн пайдалуу, кийинкилер үчүн сабак болоор беле?

— Тагдырдын тамашасын карасаңыз, бир кездери Атамбаевдин алдында келиндей ийилип, кулча жүгүнүп жүргөн саясый күчтөр, айрыкча парламент депутаттары түштөн кийин кадимки чөөлөрдүн образын туюндуруп, бүгүн экс-президентти ТЭЦ баштаган күмөндүү иштер боюнча жоопкерчилигин кароону демилгелеп жатышат. Атамбаев мындай кыйчалыш кырдаалдан татыктуу түрдө чыга алабы? Кандай ойлойсуз?

— Ошон үчүн партиялар кыргыз кыртышында корпоративдик-коммерциялык, реваншисттик, убактылуу кызыкчылыктардан улам түзүлгөн “ара туулган туруксуз саясый бирикмелер” катары өнүп чыкты да. Партия түпкүлүгүндө бир идеянын тегерегинде баш кошкон, идея аны алга жылдырыш үчүн жанын, канын бере тургандардан түзүлгөн уюм болуш керек эле. Эми караңыз, монолиттей бекем, тарыхы терең КСДПнын үлкөндөрү бир бороондо эле эски шефине “үрүп башташса” башка партиялардан эмнени күтсө болот? Балким Атамбаев башын муштап жаткандыр. ТЭЦтин шылтоосу менен КСДП эле эмес, ЖК депутаттарынын басымдуусу жаңы бийликтин астында өздөрүн олдоксондук менен легитимдештирүүгө шашылышты. Ооба, жаман эле көрүнөт экен “кой терисин жамынган карышкырлар” сен айткандай “козу терисин жамынган чөөлөр” көп экенине күбө болдук. Исаковдун да, Атамбаевдин да убакыт өткөн сайын тагдырлары татаалдашып баратат. Албетте, Алмазбек Атамбаев мындай кыйчалыш кырдаалдан таза болсо гана татыктуу чыга алат. Анан анда да бүйүр кызытарлык фактылар бар болушу, ошолорду ачыктап, азыркы бийликтин имиджине чоң сокку урушу мүмкүн. Бирок, азыркыдай шартта Атамбаевдин “суудан кургак чыгып кетиши” кыйын го.

— Бүгүн Атамбаевдин өзүнө, өзгөчө ишенимдүү кадрларына катуу сокку урулууда. Мындай ишарат, албетте, бүгүнкү бийликтин колдоосу жок ишке ашпасы белгилүү. Мындай шартта көкжал мүнөз Алмазбек Шаршенович күзгө карай тылын бекемдеп, тарапташтары жана жалпы элди чогултуу менен бүгүнкү бийликтен өч алууга барбайбы? Ал өзү алып келүүгө чоң салым кошкон бүгүнкү бийликке жөн багынып бербеси турган иш да, туурабы?

— “Атамбаевдин командасына сокку” деп айрымдардын бүйүрүн кызытпай эле ал өзү баштаган коррупцияга каршы күрөштүн экинчи этабы катары кабыл алалычы, иним. Кечээ эле бир кемеде жүргөндөр эки жээкке бөлүнүп кетишсе, кайра бирин баатырга, бирин “жаңы адам” болуп кайра жаралчудай коомдук пикир жаратыштын зарылдыгы барбы? Экөөнүн көп жылдык достугун хан тактысы бузуп койсо, бири напсисин тыя албай ажыдаарга айланган болсо, ал алардын “өздүк трагедиясы”. “Өзү тийишкен бала ыйлабайт” дейт го. Кыргызстан максатына жетпеген революциялардын, өч алгычтардын, жегичтердин, качкындардын, канкорлордун өлкөсү болуп эле кала бербешибиз керек.

— Ошол эле маалда бүгүнкү бийликке карата айбаты катуу айтылуу генерал Өмүрбек Суваналиев менен Адахан Мадумаров сес көрсөтүп, саясый күчтөрдү чогултуу менен элдешкис оппозициянын көчүн башташары боюнча кеп кетти. Береги экөөнүн кадамдарына карата пикириңиз кандай?

— Азыркы бийликке кечээ эле бийликтен кеткен Атамбаев эмес, ошолордой чыныгы оппозиция чыкса жарашат. Кечээ бийликти өткөрүп берип, бүгүн кайра оппозиция болуп айкырып чыгып, оппозициялык аянтчаны ээлеп ала бергидей аларга (анан калса мандемдүү иштерге малынып калган болсо) коомчулук сокур, дүлөй эмес. Айтылуу “Комиссар Каттани” атыккан Өмүрбек Суваналиев менен Адахан Мадумаров экөөнүн тең тушоосу тээ 1995-жылдары ЖКнын мыйзам чыгаруу жыйынына депутат болуп келишкенде кесилген. Экөө тең татыктуу, белдүү тазалыгы бар саясатчылар. Болбосо өткөн бийлик тушунда эле экөөнү тең “сындырып” коюшмак. Негизи оппозиция “бийликке альтернативдүү программасы бар, обочодо сын көз менен караган, өздөрүн алардан бийик санаган артыкчылыкка ээ топ болуш керек. Кыргызстанда мурда-кийин бийликте болбогон жаңы, ары таза, реалдуу программасы бар саясый күч оппозициянын туусун көтөрүп чыкса дейм. Бизде так программасы жок эле “бара көрөбүз” деп оппозицияга чыга беришет. Дал ошондой шашылыш, ар кошкон, убактылуу максаттар менен баш кошкон оппозиция 2005-2010-жылдары бийликке келип эмнени гана кылган жок? Эки учурда тең бир күчтүү команда болуп, экономиканы алдыга жылдырган жок да, туурабы? Ошондуктан, коом эми оппозицияга “трезвый мамиле” кылаар мезгил келди.

— Бишкек ТЭЦи, жол куруу, энергетика, тышкы карыз жаатындагы коркунучтар алдыда алакандай Кыргызстанды алкымдан алары белгилүү болду. Улуттук коопсуздугубузга коркунуч келтирген мындай көйгөйлөрдү чечүүдө Жээнбеков менен Абылгазиевдин бийлиги бирдеме кыларына үмүт кылсак болобу?

— Туура, сен баамдагандай коопсуздугубуз өтө назик, улуттук коопсуздукка болгон мамилебиз таза кыргызча. Алыс барбай, мына өткөн шайлоо алдында Өмүрбек Бабановду улут коопсуздугуна коркунуч туудурган №1 фактор катары коңгуроо кагып, бүт мамлекеттик машина кулагына турду эле. “Улут аралык мамилени бузуп, козутуп, бийликти тартып алчудай баштанып калды” деп айгай салышты эле. Эгер чындап эле ошондой болсо шайлоонун эртеси чоң толкундоолор болот эле да, туурабы? Андай шек саноо суу кечпей калды. Кызыгы, ошентип айгай салган бийлик ээлери ошол бийликтин “көзүрлөрү” ТЭЦтеги “кылым кылмышына” катыштыгы бар” деп шектелип жатат. Демек, улуттун коопсуздугуна коркунуч туудурган көрүнүштөр бул жакта турбайбы көрсө… Желген акчалар бир тең, ал жакта 200дөн ашык кытайга жатакана салып берип, стратегиялык объектиге жашатып койгондугу үчүн такыр кечиргим келбейт. Улут коопсуздугунун уңгусуна доо кетирген бул маселе боюнча өзүнчө чоң сөз кылсак болот. Ал эми Жээнбековго да, экөөбүздүн кочкорлук агабыз Абылгазиевге да тиешелүү жалпы сапаттар бар. Ал экөө тең буга чейинки саясый басып өткөн жолунда аткаруучулар гана болушкан. Жол баштоочулардын амирин аткарып, үлгүлүү окуучу сымал буга чейинки жолун түптөшкөн. Экөө тең “чөптөн жапыз, жерден бийик жүрүшкөн”. Балким ушул сапаттардын аркасы менен чоң бийликке келишти. Азыр болсо экөөнө тең алдыңкы катарда болуп, жол баштоону учур талап кылууда. Психология илиминде аткаруучудан жол баштоочулукка, жаратмандыкка өтүүсү татаал процесс. Экөө тең ошол процесстен жаңылбай-жазбай өтүп алса жакшы. Болбосо, саясый сахнанын ары жагында көмүскө “дирижерлор” пайда болуп, ошолор “саясаттын аба ырайын” жасап калышканы Кыргызстандын соңку саясый тарыхындагы ачуу чындык да. Андай болуп кетишине экөө тең ыңгайлуу фигура. Баарын убакыт көрсөтөт, азырынча көзү ачыктык кылбай туралы…

— Эки жердешиңиз Сапар Исаков менен Мухаммедкалый Абылгазиевдин өкмөттү башкаруудагы кандай айырмачылыктарын байкап жатасыз?

— Сапар Исаков жалындуу идеялары, прагматикалык деңгээлдеги прогрессивдүү демилгелери менен дүбүртү катуу чыккан. Бирок, анын идеялары Акүйдөн ары ашпай койду. Ал жетиштүү билими, харизмасы менен тышкы саясат багытында тер төгө иштесе, саясатта кадимки Россиянын мурдагы ТИМ башчысы, кийин премьер-министр болгон дасыккан дипломат Евгений Примаковдой тышкы саясаттын патриархына айланып, чоң саясатта көпкө жашамак. Тилекке каршы, башка нерселер аны азгырып кеткен окшойт. Ал эми Мухаммедкалый Абылгазиев өзүн саясый интригалардан окчун кармай билген ишмер. Бул анын башкы артыкчылыгы. Эгер президент ага толук ишеним көрсөтүп, Башмыйзамга ылайык кеңейтилген ыйгарым укуктары менен колу-жолун бош койсо, жакшы жыйынтык жаратышы мүмкүн. Күтөлү.

 Калыгул Бейшекеев     

Булак: “Азия ньюс”   

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 7 + 3 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: