Menu

Сооронбай Жээнбеков УКМКнын төрагасы Идрис Кадыркуловго: “Коррупция же уурдоолорго байланыштуу резонанстуу иштерди аягына чыгаргыла, күнөөлүүлөргө катуу чараларды көрүш керек”

Бөлүшүү:

Кыргыз Републикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 28-майда, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Идрис Кадыркуловду кабыл алды. Бул тууралу КР президенттик аппаратынын басма сөз кызматы билдирет.

УКМКнын ишмердигинин натыйжалары жана ошондой эле жүктөлгөн милдеттерди ишке ашыруу, анын ичинде Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2018-жылдын 8-февралындагы Чечимин ишке ашыруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар талкууланды.

Президент УКМК өлкөнүн жана анын жарандарынын коопсуздугун камсыздаган маанилүү органдарынын бири катары ички жана тышкы коркунучтар, эл аралык терроризм жана экстремизм менен натыйжалуу күрөш жүргүзүшү керек экенин белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков жолугушууда коррупция, мамлекеттик же муниципалдык менчикти уурдоого байланыштуу кызматтык кылмыштардын фактыларын аныктоо, коррупциялык багыттагы бардык резонанс жараткан кылмыш иштерин аягына чыгаруу зарылдыгын белгиледи.

«Күнөөлүү адамдарга карата катуу чараларды көрүш керек, ошондой эле келтирилген зыяндын ордун толуктоону камсыз кылуу керек», — деп баса белгиледи Мамлекет башчысы.

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 57 − 48 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: