Баткен облусунда бүгүн, 19-май күнү илдеттерге каршы дезинфекциялоо иштери аткарылды. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка караганда, илдетти алдын алуу максатында айыл-жергесинде жайгашкан дүкөндөр, соода-түйүндөр, базарлар жана эл көп чогулган жерлерге, адамдар басуучу жолдорго хлор аралашмасы чачылды.
Ошондой эле, Баткен районунун Таш-Тумшук, Үч-Дөбө айылдарында 4400 литр сууга 46 кг хлор аралаштырып, залалсыздандыруу иштери жүргүзүлдү.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ