Menu

Тажикстандык мигрант 20 жылдан бери Орусия жарандыгын ала албай келет

Бөлүшүү:

Тажикстандык Жумабой Сафаров 2000-жылдардан бери Иркутск облусунда жашайт. Он баласы бар. Бирок Сафаров да, анын кенже үч баласы да Орусия жарандыгын ала албай келет.

Сафаровдун жубайы Наталья Третьякованын айтымында, улуу балдары мурун орус жарандыгын алышкан. Бирок кийинки үч баласына жана күйөөсүнө берилбей жатат.

Орусияда жашоо үчүн Жумабой убактылуу каттоосун улам жаңыртып, бул үчүн 5 000 миң рубль (80 доллардын тегереги) төлөйт.

“Кээде каражат таппай калам. Төлөбөй койсоң, аялың акча таап келгенче полиция бөлүмүндө сутка кармашат”, -деп кейиди ал. Буга байланыштуу баштап алган тамын да куруп бүтө албай жатат. Учурда үй-бүлө эски барак үйдө жашайт.

Бийлик жарандык алуу үчүн Жумабай убактылуу Орусиядан чыгып кетиши керек деп билдирүүдө. Мыйзамда документтеринин мөөнөтү өтүп кеткен мигранттар үчүн ушундай тартип каралган. Бирок Сафаров чек арадан чыгып кетсе, орус бийлиги миграциялык мыйзамдарды бузду деген жүйө менен 10 жылга чейин кайра киргизбей коюшу ыктымал деп кооптонууда.

Юрист Александр Цинк Жумабойго мөөнөтү өтүп кеткен документтер үчүн айыппул төлөп, миграциялык карта жана эмгек патентин алууну сунуштоодо. Ошондон кийин гана жарандык үчүн арыз тапшыруу керек.

Сафаровго Урал качкындар ассоциациясы жардам берүүгө даяр экенин билдирди.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 22 − 18 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: