Menu

Жанар Акаев: Өкмөт ишин тарта албай чабалдыгын көрсөтүүдө

Бөлүшүү:

– Жанар мырза, коррупцияга каршы күрөштүн жүрүшүнө кандай баа бересиз?

– Кечээ жогорку окуу жайлардын биринин мугалими 1000 доллар пара менен кармалса, аны бүт маалымат каражаттарынан берип, каржы полициясынын атайын тобу иштеп, өзүнчө эле бир террористти кармагандай кылып көрсөтүшкөндөрүнө аябай таңгалдым. Миң доллар үчүн… Ошол эле учурда коомчулук күтүп жаткан канча резонанстуу иштер турат. Мисалы, тарых музейи, ТЭЦ боюнча олуттуу, чоң коррупционерлер кармалганын мен байкай элекмин. Музейдеги фактыларды журналисттер таап чыгышты. Күч органдары унчукпай эле отурушкан. Энергетика, мамлекеттик сатып алуулар, өзгөчө курулуш тармагын карасаңыз, бүт жагында коррупциялык көрүнүштөр турат. Башкы прокуратура болсо «мыйзам чегинде карайбыз, көрөбүз» деген менен
гана чектелүүдө.

– ТЭЦ боюнча бир топ киши камалды го?

– Майда кызматкерлер камалды. Мисалы, Айбек Калиев мага айткан, «бир дагы документте менин колум жок, ТВЕАнын өкүлдөрү менен болгон бир дагы сүйлөшүүгө мен катышкан эмесмин» деп. Бирок, ал азыр камакта отурат. Ал эми андан чоңураактары эркиндикте жүрүшөт.

– Балким, азыркы бийлик мурдагылардын кетирген катачылыгынан сабак алып жаткандыр. Анткени, коррупцияны жалаң камоо жолу менен жоюу мүмкүн эмес да.

– Туура. Экономиканы өнүктүрүүнүн жаңы кадамдарынын үстүнөн ойлонушубуз керек. Азыр парламенте дагы, өкмөттө дагы «коррупция менен күрөш» деп үч-төрт кишини камоонун тегерегинде эле талаш-тартыш, талкуулар жүрүп жатат.

Бирок, узак мөөнөттүү чоң долбоорлордун башталганы көрүнбөйт. Өкмөт дагы ишти жакшы алып кете албай чабалдыгын көрсөтүүдө. Жаңы бир нерсе жок. Күнүмдүк эле чарбалык көйгөйлөр менен алек болушууда. Мамлекеттик ипотекалык компания кечээ акча каражатынын жоктугуна байланыштуу жаштарга арзан турак жай берүүнү токтотту. Менимче, өкмөттө каржылык проблемалар башталган сыягы.

– Социалдык тармактарда Чоң-Алайдагы жер боюнча кызуу талкуулар жүрүп жатат. Бул боюнча сизде маалымат барбы?

– Менимче, бул жалган маалымат. Анча жерди берип жибергенге эч ким даабайт болуш керек. Жанынан түңүлгөн эле адам ошондой ишти жасабаса… Бир топ кишилер менен сүйлөшсөм, алар да «андай болушу мүмкүн эмес го» деген ойлорун айтышты. Биз муну көзөмөлгө алабыз.

Аттокур Жумаев

Булак: ”Азия Ньюс”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 37 − 30 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: