Menu

Айбек Ажигулов Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси болуп дайындалды

Бөлүшүү:

Айбек Ажигулов Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциянын жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин басма сөз кызматы кабарлады.

Белгилүү болгондой, Ажигулов бул кызматка 2 жылдык мөөнөткө дайындалды.

«14-февралда Улуттук спорт түрлөрү боюнча дирекциянын жаңы жетекчиси эмгек жамааты менен тааныштырылды. Дирекцияны буга чейин жетектеп келген Токсонбай Асанов 31-январда башка кызматка которулган», – деп айтылат маалыматта.

Айбек Ажигулов 1966-жылы туулган. 1989-жылы Ленинград шаарындагы Аскердик-саясий окуу жайын аяктаган. 2018-жылдын апрель айынан бери Дене тарбия, спорт жана жаштар иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттук мекемелердин курулуштары жана спорттук камсыздоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары кызматын аркалап келген.

Булак: «Мантыш»

 

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 55 + = 57

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: