Menu

Ашхабад аэропортунда Стамбул каттамына киргизилбеген аял каза болду

Бөлүшүү:

Ашхабад эл аралык аэропортунда Түркияга уча турган каттамга киргизилбеген аял каза болду. Бул тууралуу «Азаттыктын» түркмөн кызматы өз булактарынын маалыматына таянып билдирди.

Маалыматка караганда, 28-майда 50дөн ашкан аял уулу менен Стамбулга учуу үчүн аэропортко барган. Бирок Миграция кызматынын өкүлдөрү баласын кое берип, аялдын өзүн каттамга киргизбей коюшкан.

«Миграция кызматынын өкүлдөрү аял мурдагы жолу Стамбулга кызы менен кетип, кайра жалгыз келгенин айтышты. Алар ага катуу кыйкырышып, өлкөдөн чыгарбай тургандыктарын айтышты», – деп билдирди окуянын күбөлөрүнүн бири.

Буга байланыштуу аялдын кан басымы көтөрүлүп, эс-учун жоготуп жыгылган. Андан соң шашылыш түрдө тез жардам кызматы менен ооруканага алып кетишкен. Кийин анын каза болуп калганы кабарланды.

Күбөлөрдүн айтымында, бул көрүнүшкө нааразылыгын билдирип, окуя тууралуу маалымат каражаттарына кабарлай турганын айткан аялдын уулун атайын кызмат өкүлдөрү кармап кетишип, 3-4 саат суракка алышкан. Андан тышкары Коопсуздук кызматынын өкүлдөрү каттамдын башка жүргүнчүлөрүнө окуя жөнүндө эч кимге айтпагыла деп эскертүү беришкен.

Басылманын түркмөн өкмөтүндөгү булагы кабарлагандай, учурда бул окуя боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Анын жыйынтыгы менен мамлекеттик «Türkmenhowaýollary» авиакомпаниясынын жетекчилиги жана Коопсуздук кызматтын бир нече чиновниги иштен алынышы мүмкүн. Ошондой эле булак Коопсуздук кеңештин 30-майдагы жыйынында улуттук коопсуздук министри Доврангелди Байрамовго дал ушул окуяга байланыштуу сөгүш жарыяланганын кошумчалды.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 9 + 1 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: