Menu

Ошто уникалдуу жана масштабдуу “Рамазан Чатыры” долбоору эшигин ачат

Бөлүшүү:

Ыйык Рамазан айынын урматына “Умма” ислам журналы жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен “Рамазан Чатыры” уникалдуу социалдык-маданий жана кайрымдуулук долбоору бул жылы эшигин ордолуу Ош шаарына ачат. Бул тууралу уюштуруучулар билдиришет.

Президент Сооронбай Жээнбековдун указы менен 2018-жыл аймактарды өнүктүрүү жылы деп жарыяланганына байланыштуу уюштуруучулар “Рамазан Чатырын” Ошто өткөрүүнү пландоодо.

Аталган иш-чара Кыргызстанда аналогу жок, уникалдуу жана масштабдуу долбоор болуп, анын максаты Ыйык Айдын урматына колунда жок, муктаж адамдарга биргелешкен кайрымдуулук ооз ачуу тамактарын уюштуруу болуп эсептелет.

“Рамазан чатыры”, мындан тышкары, түрдүү конфессия жана улуттар арасында диалог түзүүгө көпүрө болуп, достук атмосферасында биргелешкен ооз ачуу иш-чараларын уюштуруу менен өз ара байланыштарды чыңдоого салым кошот. 250 кишиге ылайыкталган акысыз ооз ачуу тамактары 4-июндан 14-июнга чейин күн сайын уюштурулмакчы. Конокторду таттуу даамдардан тышкары Рамазан тууралуу баяндар, кызыктуу тасма, түрдүү конкурстарды камтыган маданий программалар да күтөт. Рамазан чатырынын ачылышына Кыргызстандын мамлекеттик органдарынан өкүлдөр, түрдүү конфессия, ишенимдин өкүлдөрү, маданий жана коомдук ишмерлер жана жардамга муктаж адамдар чакырылды.

“Рамазан Чатыры” буга чейин Ыйык 2 жылдан бери “Умма” ислам журналы жана өнөктөштөрдүн колдоосу менен борборубуз Бишкекте өткөрүлүп келген. Былтыркы “Рамазан Чатырында” 4000ге чукул жардамга муктаж мекендештерибиз майрамдык ооз ачууга чакырылып, көңүл ачып кетишкен. Буга кошумча чатырдын жанына уюштурулган жардам пунктуна кайрымдуу адамдардан азык-түлүк, кийим-кечелер чогултулуп, алар жеринде өз ээлерине таратылган. Коомду кайрымдуулук, социалдык активдүүлүк жана ынтымак-ырашкерликке үндөгөн бул долбоор көптөрүн кызыктырып, ММК өкүлдөрүн да четте калтырган жок. Бир катар жергиликтүү жана эл аралык ММКлар “Рамазан Чатырын” жеринде чагылдырып кетишти

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha − 2 = 1

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: