Буга чейин жазганыбыздай, Канат Муратбеков Экотехинспекциясынын жетекчилигинен кетти. Ордуна «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасын башкарып келген Жолдош Жунушев дайындалды. Ал Шакинин «Аю» курулуш компаниясын жетектеп турганда Бишкек шаардык Кеңешине депутат болуп келген. Быйыл февраль айында «Кыргыз көмүргө» жетекчи болуп дайындалган. Эми Канат мырза эптей албаган кызматты Жолдош мырза жолго сала алабы чоң суроо. Анткени Жунушев мамлекеттик иште мыкты кызматкер катары өзүн көргөзө элек.
Булак: “Фабула”
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ