Кечээ, 31-майда Россиянын кримдүйнөсүнүн хроникасын чагылдырган “Прайм Крайм” порталы өзүнүн Ютубдагы баракчасында Архангельск облусунун түрмөлөлөрүнүн биринде жаза өтүп жаткан, “Карышкыр” каймана аты бар Мурсалым Өмүрзаков өзүнүн “Мыйзамдагы ууру” деген макамынан өз ыктыяры менен баш тартып, тил кат жазып берген видеотасманы жарыялады. Видеотасма Россиянын укук коргоо органдары тарабынан 2017-жылдын 10-январында Архангельскидеги түрмөлөрдүн биринде тартылган, кеңири коомчулукка азыр гана белгилүү болуп олтурат.
Мурсалым Өмүрзаков “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаевдин тобуна кирген. Кичи мекени – Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Төлөгөй айылы. Жашы 42де. 2010-жылы уурулук беренеси менен Бишкектин Ленин райондук соту тарабынан 5 жылга соттолуп, Нарындагы абактардын биринде олтурган. Ал абакта “Мыйзамдагы ууру” Азиз Батукаев да жазасын өтөгөндүгү белгилүү. 2012-жылы Өмүрзаков Нарындагы абактан соттун чечими менен мөөнөтүнөн эрте бошогон.
2013-жылы Азиз Батукаевди Атамбаевдик режим мөөнөтүнөн эрте бошотуп, ал Россияга чыгып кеткенде Мурсалым Өмүрзаков да аны менен кошо Россияга чыгып кеткени айтылган. Ал жакта Азиз Батукаевдин колдоосу менен Мурсалым Өмүрзаков “Мыйзамдагы ууру” деген криминалдык дүйнөнүн жогорку макамын алганын ММКлар байма-бай жазышкан.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ