Серепчи Марс Сариев президенттик шайлоо мөөнөтүнөн мурда болушу мүмкүндүгүн айтып, Сооронбай Жээнбеков премьерликке дал ушул себептен келди дейт.
“Президенттик шайлоо мөөнөтүнөн эрте “мен чарчадым же ооруп жатам” деген шылтоо менен болушу мүмкүн. Кандай болсо да бул оппозиция өзгөрүүлөргө карата жооп кайтара албай жана шайлоого даярданганга үлгүрбөй калышы үчүн жасалат. Бирок, дегинкиси, тынч шайлоо процесси өлкө багыт алган өнүгүү курсун жана кезексиз башаламандыктан оолак болуш үчүн зарыл”, — деди Сариев.
Анын пикиринде, азыркы шартта президенттикке талапкер Асылбек Жээнбеков болушу мүмкүн, ошол эле учурда анын премьер бир тууганы кызматынан кетет. Ошондой эле россиялык инвестицияларды алып келип жана электораттын колдоосуна ээ болуга үлгүрө турган Кубанычбек Кулматов да талапкер болушу ыктымал. Бирок кантсе да азырынча эч ким билбеген, күтүүсүз талапкерлер да чыга келиши мүмкүн, бул Ак үйдүн көп пайдалуу оюнунан кыйыр кабар берет.
Алсак, Сариевдин пикиринде, ошол белгисиз адам ЖКнын төрагалыгына талапкерлиги сунушталган Канат Исаев болушу мүмкүн. Мыйзам боюнча, президент өз кызматынан мөөнөтүнөн мурда баш тарта турган болсо, спикер анын милдетин аткаруучу болот. Исаевдин мамлекет башчысы болууга чоң мүмкүнчүлүгү пайда болот.
“Премьер тынч роль аткарат деп айтпайт элем. Бул болочок президентке туруктуу өтүп, өлкөнүн өнүгүшүн камсыз кылуу үчүн зарыл негиздерди түптөй турган күчтүү фигура болот”, — деди эксперт.
Эскерте кетсек, президенттик шайлоо Кыргызстанда 2017-жылдын күзүндө өтүшү керек.
Булак: Sputnik Кыргызстан
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ