Бүгүн, 4-июнда КР Президенти Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди чакырып, 27-майда Жайыл райондук милициясында өлтүрүлгөн “19 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө күнөөлүүлөр катуу жазалансын, кызматтарынан алынсын” деп эскерткен.
Президенттен чыккан премьер-министр Абылгазиев Ички иштер министри Кашкар Жунушалиевди өзүнө чакырып, Бурулайдын өлүмү боюнча, дегеле аялдарга жана балдарга жасалып жаткан зордук-зомбулук иштери биринчи кезекте каралып, күнөөлүүлөр жоопкерчиликке тартылсын деп тапшырма берген.
Министр Кашкар Жунушалиев өзүнүн министрлигине кайтып келип, катуу опурулса керек кечке жакын Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө байланыштуу ИИМдин ички иликтөөлөрү аяктаганын жана жыйынтыктарын жарыялашты.
Ички иликтөөлөрдүн натыйжасында милициянын 23 кызматкери жазаланды. 5 кызматкер милиция органдарынан биротоло куулду, 8 кызматкер кызматынан алынды, 7 кызматкерге ээлеген кызмат ордуларына татыксыз деп табылды, калгандарына эскертүүлөр жана сөгүштөр берилди.
Тактап айтканда Чүй облустук милициянын начальниги полковник Нурлан Сарчаев, анын орун басарлары , полковниктер К.Жумаев менен М.Асанов жана Жайыл райондук милициянын начальниги, полковник М.Исмаилов кызматтарынан алынды.
Жайыл райондук милициянын начальнигинин орун басары Ж.Абыканов милициядан куулду. Экинчи орун басары Б.Чаргынов ээлеген кызмат ордуна татыксыз деп табылды. Тергөөчү Э.Кадышев жана нөөмөт бөлүмүнүн жетекчисинин орун басары А.Аблабеков ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду.
Чүй МАИсинин бөлүм башчысы, майор Т.Ниязалиев жана нөөмөттөгү инспектор , капитан Т.Макашов ээлеген кызмат ордуларынан айрылды.
Жайыл райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнүн улуу инспектору , подполковник И.Иманалиев, нөөмөттөгү милиционерлер Н.Эсенкулов, М.Макеев жана А.Атакуловдор милиция органдарынан куулушту.
Калгандарына сөгүштөр берилди.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ