КР Жогорку Кеңешинин депутаты Камчыбек Жолдошбаев 1-июнь балдарды коргоо күнүнө карата “Беш-Сары” комплексинде балдар үчүн оюн-зоок иш чараларын өткөрдү. Балдардын алдында ырчылар, акробаттар жана маскарапоздор өз өнөрлөрүн тартуулашып, алардын көңүлдөрүн ачышты. Куттуктоо сөз менен чыгып сүйлөгөн депутат Камчыбек Жолдошбаев балдарга чоң аруу тилектерин билдирди. Иш чарага Бишкек шаардык кеңештин депутатары да келип катышты.
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ