Бүгүн, 10-октябрдын түнүндө, Киевде, Кыргыз Республикасынын Украинадагы элчилигинин дипломатиялык номурлуу Тойота Хайландер үлгүсүндөгү автоунаасы уурдалган. Бул тууралу Kyrgyztoday.kg агенттигине КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Окуя болгон жерге Печорский районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө-оперативдик тобу келген. Украинанын кылмыш жаза кодексинин 289-“Унаа урдоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, иликтөө жүрүүдө. Элчилик тарабынан Украинанын Тышкы Иштер Министирлигине уурдалган унааны табууда максималдык көмөк көрсөтүү өтүнүчү менен нота жиберилди.
Ал эми Украинанын Улуттук Полициясынын билдирүүсүнө караганда кечинде кыргыз элчиси унаасын Кургановский көчөсүндө жайгашкан үйүнүн алдына токтотуп койгон. 10-октябрь күнү эртең менен жумушка чыгып жатып, унаасын койгон жеринен таппай калган.
Элчинин унаасында кечинде токтогондо күйүүчү май өтө аз калган, ошондуктан кылмышкерлер унааны уурдагандан кийин май куйуучу жайга кирүүгө аргасыз болучу. Ошондуктан укук коргоо кызматкерлери тегеректеги АЗСтердин видеокөзөмөл жазууларын текшерүүдө.
Чет элдик элчилерди кабыл алуучу өлкө үчүн дипломатиялык номуру бар унааны урдоо – бул чоң чыр-чатак. Бул факт борбор шаарда уурулар ээн эркин жүргөндүгү жөнүндө кабарлайт.
Айдана Кенжетаева
Булак: Кyrgyztoday.кg
КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ