Menu

Кыргыздын кеги кырк жылда, Нариман Түлеев Данияр Нарымбаевди сабап салды…

Бөлүшүү:

Жакында эле укук коргоочу, экс-депутат Чолпон Жакупованын апасы кайтыш болуп жерге берилди. Маркумду акыркы сапарга узатканга аттуу-баштуулары барышты. Ошол топурак салып, куран окуткан жерде да жөн жүрбөгөн эл экенбиз. Көз көрсөтүп келишкен Данияр Нарымбаев менен Нариман Тулеев кездешип калышып, чатак чыккан. Түлеев Нарымбаевди элдин көзүнчө кызыл жаян кан кылып тепкилеп салыптыр. Кыргыздын кеги кырк жылда деген ушул тура. Нариман Тулеев коррупция боюнча айыпталып камалганда, ошол кездеги президенттин аппарат жетекчиси Нарымбаев түрмөдөн чыгарам деп Наримандын кызынан 100 миң доллар пара алды делип камалган. Нарымбаев сот реформасын тейлеген адам катары, тааныш-билиштик менен кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу, пара алуу статьяларын жеңилдеттирип алдамчылык статьясына котортуп, бул иш боюнча аз жылга соттолуп тез эле түрмөдөн чыккан. Натыйжада торго чалынып жаманатты болгон Нарымбаев Түлеевди түрмөдөн чыгартпоого катуу аракет кылганы айтылган. “Эки тоо көрүшпөйт, эки адам көрүшөт” деген ушул эмеспи.

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 29 − = 20

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: