Menu

Турсунбек Акун: Адискөйлөр маани берип, капыстан, кокустан келген кадрлардан арылып жатат

Бөлүшүү:

Экс-акыйкатчы Турсунбек Акун менен кылмыш иши козголгон мурунку президентптин кадрлары жана азыркы кадр саясатпы тууралуу ой бөлүштүк.

– Турсунбек мырза, Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү колго алгандан башка дагы көпчүлүк байкай элек эмнелерди жолго сала баштады?

– Сооронбай Шарипович мамлекетти сазга батырган коррупционерлерден арылуу менен катар кадр саясатына союз мезгилиндеги ыкманы колдоно баштады. Айтайын дегеним, мурунку президенттер майлуу-сүттүү кызматтарга адистигине карабай жалаң тааныш-билиштерин коюп келсе, азыркы президент адискөйлөргө басым коюп, бышып жетилгендерин жетекчилик кызматтарга даярдап жатат. Президент бул аракети менен талкаланып калган кадр саясатын жолго салып, жогорку кызматка бардык тепкичтерди басып өткөндөр гана иштеп, капыстан-кокустан келген кадрлардан арылып жатат. Болбосо, бийликке капыстан келген адамдардын кесепети, кедергиси тийип жатат. Ошолордун азабынан коррупция гүлдөп, мамлекет жапа чекти. Эл кыйналды.

Ошон үчүн анын оң колу, мунун оң колу деп аябай, ким мамлекетке зыян келтирсе жоопкерчиликке тартыш керек. Айтайын дегеним, кезинде Сапар Исаковду Атамбаевдин оң колу деп көкөлөттүк. Керек болсо премьер-министрлик кызматка чейин алып бардык. Жыйынтыгында, анын кесепети элге, мамлекетке тийди. Коррупциялык схемалар өөрчүгөн жерде Исаковдун аты аталды. Учурунда Максим Бакиев менен чогуу жүргөн кездеги иштери боюнча айыптап жоопкерчиликке тартып койгонубузда, мамлекет мынчалык жапа чекмек эмес.

Бирок Сапар Исаков мен таза иштегем деп, саясий куугунтукка кабылып, жок жерден жаман атты болуп жатканын айтып жатат го?

– Эгер Сапар Исаков, Албек Ибраимов, Кубанычбек Кулматов таза иштегенде, аларга кылмыш иши козголмок эмес. Сапар тапандык кылып ар кайсыны айтып жатат. Бирок анын аты коррупциянын схемасы кайда жемишин берсе ошол жерде аты чыгып, акылга сыйбаган иштерге жол бергени айтылып жатат го. Козголгон ишти ар кайсыга жорубай, Атамбаевдин ишенген кадрлары чалган чалмакейине жооп беришин талап кылышыбыз керек.

Булар ар кайсыны айтып жандалбастап, коомдук пикир жараткан тактиканы токтотуп, мыйзам баарына бирдей экенин түшүнүшү керек. Чынында булар ар кайсыны айтып жандалбастабай, мыйзам баарына бирдей экенин түшүнүшү керек. Сапар Исаков, Албек Ибраимов жана Кулматовдор Текебаев, Жапаров, Кадыров, Талгарбеков, Асанов, Сарыгуловдордон башкача же артык эмес да. Конституциянын атасы камалып жаткандан кийин булар да жоопкерчиликти тартылышы керек.

– Албек Ибраимов президент менен премъерди тоготкусу келбегендей мамиле жасаганы үчүн ага кылмыш иши козголгон жокпу?

– Анын керсейген мамилесин эске албаганда дагы, ага кылмыш ишин козгой турган иштер жетиштүү. Кызматынан кьшнатгык менен пайдаланып, 300 сомдук көчөттү 9 миң сом дегени бийлик башындагыларды эле эмес, элди да ирен-житти. Эми ошол бекер тигилген 9000 сомдук көчөттөр бүчүр ачпай куурап калды. Кызарган жердин баарын үзүп алайын деген саясаты туура эмес. Эми мамлекетке келтирген зыянды төлөтүп алып, өзүн жоопкерчиликке тартыш керек.

-Баш прокурор Өткүрбек Жамшитов саясий буйрукка баш ийбесин айтты ага ошондой мүмкүнчүлүк берилет деп ишенсек болобу?

Өткүрбек Жамшитов мурунку баш прокурорлордон Аида Салянова, Индира Жолдубаевадан дээрлик айырмаланып, саясий буйрукка баш ийбесин айтты. Анын бул аракетин колдоого алсак болот. Анткени баш прокурор ошондой позицияда болуш керек. Жогору жактан айтканын аткарып, ошолордун ыгынан чыкпай отура бербей.

-Айтмакчы, Турсунбек мырза, КДКнын 28 жылдык салтанатын өткөрдүңүз. Ал жыйында кандай маселе көтөрүлүп, кандай чечим кабыл алдыңар?

-Кыргызстан демократиялык кыймылынын 28 жылдык салтанатына 1990-жылдан бери демократиялык күрөштүн башында турган КДКнын мүчөлөрү катышышты. Аны уюштурууга президенттик аппарат жана Маданият министрлиги кол кабыш кылды. Биз 28 жылдыктын урматына чогулганыбыз менен мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, маанилүү делген маселелерди чечип алууга үлгүрдүк. Айтайын дегеним, жыйындын жыйынтыгы менен президентке кайрылуу жолдодук. Ошондой эле коомдук саясий уюмдардын жана жарандык коомдун катышуусу менен өлкөнүн тагдырына тиёшелүү делген маанилүү маселелерди тегерек стол аркылуу чечели деген чечимге келдик. Мурдагы бийликтин айынан саясий боёк менен соттолуп кеткен коомдук жана саясий ишмерлердин ишин кайра карап чыгууга президенттен комок көрсөтүүсүн өтүндүк. Кыргызстан демократиялык кыймылынын башында турган мыкты инсандар тууралуу китеп жазып, алардын мактоого арзыган, жаштарга үлгү болчу сапаттарын китеп бетинде калтыралы деген ойго келдик. Мына ушул нерселердин баарын камтыган резолюция кабыл алдык.

– КДК мезгилинде чоң мектеп болгон, ал көп лидерлердин өсүшүнө салым кошкон деп каласыз. Алуюмдан кимдер чыкты эле?

– Алардын баарын санасам барак түтпөй калат го. Себеби азыркы ярый лидер болгондордун көбү КДКнын мектебинен өтүп такшалгандар. Алар КДКдан тажрыйба топтоп партия түзүштү. Кыскасы, КДК жазуучунун да, саясатчынын да, коомдук ишмердин да ажарын ачкан ак жолтой уюм болду Кыргызстанда демократичный жел аргысын соктурган, демократиялык көз караштагы партиялардын, лидерлердин, коомдук уюмдардын калыптанышына чоң салым кошту.

Чынайым Кутманалиева

Булак: “Фабула”

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 83 − 79 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: