Menu

Ташкентте биометрикалык паспортторду берүү жараяны тездеди

Бөлүшүү:

Ташкент ИИББ Миграция жана жарандыкты каттоо башкармалыгы жекшемби күнү дагы иштей баштады.

ИИББ басма сөз кызматы кабарлагандай, 1-июлдан тарта биометрикалык маалыматтары жок жарандардын паспорттору жараксыз деп табылат. Паспортун алмаштырбагандар административдик жоопкерчиликке тартылышат.

Андыктан биометрикалык паспортторду алууга үлгүрбөй калган атуулдарды тейлөө үчүн башкармалык дем алыш күндөрү да иштей баштады.

Ташкент ИИББ билдиргендей, майдын ортосунда борбор калаада 1,78 миллион биометрикалык паспорт берилген. Ташкент жашоочуларынын 10% эски документтерин алмаштыра элек.

Өзбекстан эски паспортторду биометрикалык маалыматтарды камтыган документтерге алмаштыруу жараянын 2011-жылы баштаган. Алгач жарандар документтерин 2015-жылга чейин алмаштырып бүтүшү керек болчу. Кийинчерээк өкмөт эски паспорттордун мөөнөтүн дагы 2,5 жылга чейин узарткан.

Булак: «Борбор Азия жаңылыктар кызматы»

Эгер бул тексттен ката таап калсаңыз, ошол ката сөздү белгилеп, Ctrl+Enter кнопкаларын чоогу басуу менен билдирип коюңуз.

КОММЕНТАРИЙ КАЛТЫРУУ

Төмөндө көрсөтүлгөн уячаларга керектүү маалыматтарды туура киргизгениңизди текшериңиз.HTML-код киргизүүгө уруксат жок.

Captcha 2 + 8 =

ОКШОШ МАКАЛАЛАР

Меню

Орфографиялык ката тууралуу Отчет

Редакцияга төмөнкү текст жөнөтүлөт: